Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо милиционер таап алган капчыкты пенсионер аялга кайтарып берем деп издеди (видео)

Бакыт Узаковдун иши аялды таң калтырды, ал погончон кишилерден мындай жакшылыкты күткөн эмес

Караколдо милиционер славян базарынан акчасы бар капчыкты таап алган, андан соң ал ээсин издеп таап, кайрып берди.

Ысык-Кол облусунун милиция кызматкери Бакыт Узаков таап алган капчыкта 10 000 сом акча болгон. Ал ошол эле күну капчыктын ээсин таап, кайтарып берди. Капсыктын ээси Караколдук пенсионер аял Бактыгүл Алымбаева экен.

Белгилүү болгондой, ошол күнү ал аял базарга бир нерселерди сатып алууга келген. Капчыгын түшүрүп алып, байкабай товарлардын катарын кыдырып кете берген.

Узаков капчыкты соода катарларынын ортосундагы жолдон таап алган. Акча канчалык өзүнө тартып тургандыгына карабастан, ак ниет милиционер чыпчыргасын коротпой ээсине кайтарып берди.

- Мен Алматыдагы жогорку жалпы аскердик командалык университетти бүткөм жана офицер үчүн мундирдин намысы канчалык тураарын жакшы билем, - деди Узаков. - Ата энем да дайыма бирөөнүкүн алба деп үйрөткөн. Жашоомдо ушул эрежени карманууга аракет кылам. Акчаны таап алаарым менен соода кылгандардан сурамжылап, ээсин табууга ашыктым. Анан капчыгын жоготкон аялды таптым. Мен аны тапкан кезде ал аябай өзүн жоготуп жаткан экен. Мен өзүмдү тааныштырып, капчыкты бердим жана акчаны санап алуусун сурадым. Ал акчаны санап, мени энелик мээрими менен алкады. Мен үчүн андан өткөн сыйлык жок.

Пенсионер аял болсо төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мен, Караколдун жашоочусу катары милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Базарда жүрүп көп суммадагы акчаны жоготуп алдым. Бакыт Узакбаев мени издеп таап капчыгымды кайтарып бергенде сүйүнгөнүмдөн эмне дээримди билбей калдым. Мен капчыгымды соода катарлардын ортосундагы жолго түшүрүп салыптырмын.

ИИМ коррупция тууралуу көп айтылып жаткан азыркы учурдаЫсык-Көл милиция кызматкеринин мындай иши менин аларга болгон чоң ишенимимди пайда кылды, - деп жазат Бактыгүл Алымбаева өзүнүн Ысык-Кол облустук ИИБ жетекчилигине жазган катында.

Ысык-Көл облустук ИИБ маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх