Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин ишмердүүлүгүн коомдук комиссия иликтейт

Иштин жыйынтыгын активисттер күч органдарына берип мурдагы мамлекет башчысын камакка алуу талабын коюшат

Элдик курултайдын өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу талабын коюу менен бирге анын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүүнү чечишти. Бул тууралуу курултайдын активдүү катышуучусу, мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун билдирди.

Белгилеп кетүүчү нерсе, комиссиянын ишинин жыйынтыгын активисттер күч структураларына берип, мурдагы мамлекет башчынын камакка алынышын талап кылышат.

Курултайчылардын айтымында, Атамбаев бийлик кылган учурда коррупциялык схеманы түзүп, өзүнө оңтойсуз болгон атаандаштарын куугунтукка алган, абакка камаган, мыйзамсыз байыган жана бийликти узурпациялаган. Ошондой эле, коомчулук Башпрокуратуранын аракетсиздигине нааразы. Анткени, жетинин айындагы болгон курултайда Атамбаевдин мыйзамсыз байыгандыгын, Түркиядагы байлыктарын жана бизнесин изилдөө тууралуу иликтөөгө көңул бурган эмес.

Курултайдын катышуучулары талкуу бүткөндө бир айдан кийин чогулуп, коомчулукка жетинин айындагы курултайдын 19 талабы кандай ишке ашып жаткандыгы тууралуу билдиребиз деп чечишти.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх