Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте имараттардын дубалына жарнама илип, көркүн бузганга тыюу салууну ниеттенип жатышат

Өзү ижарага алган бурчту каалашынча боёсо болот, бирок андан башка жакка тийишпөө керек

Бишкекте имараттын дубалдарына ар кандай жарнамаларды илип, көркүн кетирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектурасы» иштеп чыга турган жарнамаларды кантип илүүнүн жаңы эрежелери, жаңы дизайн-коддо айтылат, дейт ишкананын начальниги Марат Чомоев Vesti.kg сайтына.

- Азыр тосмолорго, балконго, 2-3 кабаттардын деңгээлинде, чатырларга ар түрдүү жарнамаларды илип жатышат, - деп түшүндүрдү ал. - Дизайн-кодду аныктагандан кийин буга тыюу салынат. Чатырдагы жарнамалардын өлчөмүн чектешет. Бул бир эле жарнамаларга тийешелүү эмес, жарнактарга да тийешеси бар.

Имараттын боорлорун ар түркүн түскө боёого да тыюу салууну ниеттеп жатышат, көпчүлүк учурдарда ижарачылар имараттын бир бөлүгүн каалаган түскө боёп салышат.
Жарыялардын түстөрүнө да чектөө болот.

Чомоевдин сөзү боюнча, бул маалыматтык көзөмөл шаардын сырткы көркүн сактоо аркылуу эстетикалык регламент орнотууга багытталган.

- Жол боюна орнотулчу кашааларга өзүнчө талап болот, - деп кошумчалады начальниктин орун басары. - Биз Бишкек шаар кеңешинин талкуусуна муну алып кирдик.

Ал жарнама конструкцияларын бузуу иштери башталгандыгын айтты. Vesti.kg сайты мурун да бул тууралуу берген эле.

«Жылдын башынан бери мыйзамсыз маалыматтык-жарыя конструкцияларынын 200 ашууну тууралуу билдирүү берилген, - деп айтылат Бишкек мэриясынын билдирүүсүндө. - Муниципалдык кызмат байма-бай биргелешкен иш чараларды өткөрүп турат, бирок анткени менен уббакыт өтүп, кайра эле жарнамалар пайда болуп калат».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх