Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Түмөнбаевдин үйүнөн бир эле медалдарын эмес, сыналгысын жана бут кийимин да уурдап кетишкен (фото)

Олимпиадалык байгенин ээси уурулар менин Америкадан апама сала турган көп акчаман үмүт кылып келишсе керек деп божомолдойт

Пекиндеги олимпиадалык оюндар байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев уурулар анын үйүнө чоң суммадагы акча бар деп киришкендигин болжолдойт. Бул туурасында ал Vesti.kg сайтына айтып берди.

Тушүндүрө кетели, жалган курандын жыйырма тогузунда белгилүү күрөшчүнүн үйүно кимдир бирөөлөр кирип 13 медалын жана башка буюмдарын уурдап кетишкен.

- Алар мени апама көп суммадагы акча жөнөттү деп келишсе керек, - дейт Түмөнбаев. - Медалдардан сырткары өкмөттүк сыйлыктар жана «Чыңгыз Айтматов» медалын уурдап кетишкен. Ошону менен кошо сыналгыны жана бут кийимимди уурдап кетишиптир. Канча акча алышкандыгын азырынча айта албайм.

Ал азыр АКШ тургандыгын жана алдыда боло турган олимпиадалык оюндарга катышууга даярданып жаткандыгын айтып берди.

- Мен бул жерде машыгып жатам, Токиодо өтүүчү олимпиадалык оюндарга катышууну көздөп жатам, - деп сөзүн аяктады Руслан Түмөнбаев.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх