Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

««Коопсуз шаардын» мониторинг Борборунда коррупция болушу мүмкүн эмес»

Жол эрежесин бузган видеону көзөмөлдөп турчу милиционерлердин арасында өздөрүн жаап жашырып, айып салбай койчулар барбы?

Бишкектеги «Коопсуз шаар» системасынын аргументтеринин бири - бул айдоочулар менен КР ИИМ ЖКККМБ кызматкерлеринин ортосундагы катыштын коррупциясын жоюу.
Ал иштеп жатат. Жансыз камера акча албайт жана басмайыл тартынбагандыгы, ылдамдыкты жогорулаткандыгы тууралуу маалыматтар керектүү жакка жөнөтүлөт. Ал эми жол эрежесин сактабаган айдоочу «бакыт катын» алат.

Бирок айрымдарды айып салуучу автоматташтырылган системаны адамдардын башкарышы нааразы кылды. Анткени «Коопсуз шаардын» АПК тартып алган тасмалар КР ИИМ ЖКККМБ мониторинг Борбору аркылуу өтүп жана акыркы чечимди дагы да болсо милициянын инспекторлору кабыл алышат.

Бул кээ бир айдоочулардын шек саноосун туудурду:

- Видеону карап туруп, эреже бузуу бар же жок экендигин аныктап, айып сала турган адамдардын бар экендиги тууралуу айың кептер бар, - деп айтып берди Vesti.kg сайтына алардын бири. - Мына сизге коррупция. Ал эми КР ИИМ ЖКККМБ жарандарды андай болушу мүмкүн эмес деп жооткотуп жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыктын маалымат катчысы Тилек Исаев Vesti.kg сайтына бул жерде коррупция боло тургандыгын түшүндүрдү.

- Бул процесстин катышуучулары ого эле көп: бизге кызмат көрсөтө турган компания камера менен эреже бузууну каттап алып, аны МКК суроо үчүн жөнөтөт, анан ал жактан айдоочу тууралуу маалыматтар менен мониторинг Борборго келет, - деп түшүндүрдү ал. - Бул жерде болсо оператор токтом түзүп жана аны «Кыргыз почтасына» берет.

Мониторинг Борборунда үч бөлүм бар: чакыруу борбору, техникалык бөлүм жана жарандарды тейлөө бөлүмү, ошондой эле комиссия. Ар бир видео бир адам аркылуу эмес, эмнегедир комиссиянын баары карашат.

Баш тартылган тасмалар ЖКККМБ архивинде сакталат, анткени аларды инспекторлор видого макул болбой эреже бузуу жок деп эсептеген.

- Жол эрежесин бузууну каттабай коюуга мүмкүн эмес, - дейт Исаев. - Система ар бир видеону каттап турат. Эгерде текшерүү болуп калса биз канча билдирүү жазганыбыз менен жазылган айып пулдардын салыштырып көрүүгө болот. Эгерде операторлор өз ишин так аткарышпаса, анда биздин ишибиз менен прокуратура алектенет. Анын үстүнө бизде эки жыл сайын пландык текшерүү болуп турат. Биз мыйзам бузганга кызыкдар эмеспиз.

Эгерде милиционер кандайдыр бир эреже бузууну жаап жашыра турган болсо, аны «Шалакылык», «Жаап жашыруучулук» же болбосо «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айыпталуу күтүп турат.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты 2019-жылдын бугу айынын он экисине карата дагы 110 аппараттык-программалык комплекстер «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын алкагында орнотулаарын маалымдаган болчу.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх