Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаңы үйлөнгөндөр үлпөт өткөрүүнүн ордуна көчөт отургузушуп жана жардамга муктаж балдарга каралашты

Түгөйлөр аларга шаан шөкөттүү тойдун кереги жок экендигин көрсөтүштү

Бүгүн, чын курандын жыйырма экисинде, жаңы үйлөнгөн Залкар менен Айжамал Бишкектин кесилиштеринин бирине 30 ак кайыңдын көчөттөрүн отургузушту.

28 жаштагы Залкар Назарбек уулу менен 25 жаштагы Айжамал Замирбекова төгүлүп чачылган тойдун ордуна аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына жардам беришип жана көчөт отургузушту.

Адегенде жаңы үйлөнгөндөр дүкөнгө кирип балдарга керектүү буюмдарды сатып алышты, балдар өздөрү керектүү кийимдерди тандап алышты. Бактылуу күндүн уландысы Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде көчөт отургузуу менен уланды. Аларга бөбөктөр жардамдашып жатышты.

Жаңы үйлөнгөндөрдү куттуктоого жана аларга тилектештигин билдирүүгө КР социалдык өнүктүрүү жана эмгек Министрлигинин өкүлдөрү келишти жана министр Улукбек Кочкоровдун ыраазычылык катын алып келип тапшырышты.

Бул идеяны «Бишкек жашылдандыруу чарбачылыгы» мамлекеттик ишканасы колдоду жана көчөт отургузууга алдын ала жер ырастап беришти. Ал жердеги бетон плиткаларды алып, тазалап коюшту. Мурда бул жерде соода түйүнү бар эле.

Ошондой эле жаш үй бүлөлөргө көчөттү отугузуу боюнча кеңештерин айтып турушту.

Эми отургузулган көчөттөрдү асыроо милдети мамлекеттик ишкананын мойнунда.

Залкар менен аялы бул чечимди тармактардагы ашыкча чыгымдын кереги жоктугу тууралуу сөздөрдөн улам кабыл алышкандыктарын айтышты. Анткени көпчүлүк жубайлар үйлөнүү үлпөтүнөн кийин карыз болуп калышат да, аны төлөө үчүн чет жакка чыгып иштеп келүүгө аргазыз болушат.

Бул акция "Элдик Коом" коомдук уюмунун жардамы менен өткөрүлдү.

Залкар менен Айжамал ордо калааны жашылдандырууга катышкан жубайлардын төртүнчү жуптары болуп калышты.

Бишкек мэриясы жаш үйлөнгөндөрдү жашоолорундагы маанилүү окуянын болушу менен куттуктап жана көп жакшылыктарды каалайт.

Бишкек мэриясы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх