Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Митингде провокатор деген киши өзүн «атамбаевчыл» эмесмин деп билдирди (видео)

Ал жаран микрофонду «Ата Мекендин» депутаттары ээлеп алгандыгына нааразы болгон

«Атамбаевчыл провокатор» деп аташкан Эржигит деген киши Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду колдоо митингинин учурунда болгон окуя тууралуу Vesti.kg сайтына комментарий берди.

Ал жарандын айтымында, өзү камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташы болот.

- Мен эч кандай провокатор эмесмин, деди Эржигит. - Мени Каныбек Иманалиев калп эле ошентип койду. Мен кантип провокатор болом, өзүм болсо алты жылдан бери Атамбаевди сындап келе жатам. Келишпестик мага сөз бербей койгондон улам келип чыкты. Мен бул жерге саат тогузда келип, сөз сүйлөөгө жазылгам. Ал эми «Ата Мекендин» депутаттары микрофонду ээлеп алышты.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Жогорку соттун имаратынын алдында камактагы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп жатат.

Алдын ала белгилүү болгондой ал нааразычылык акциясына 5 миңден ашуун эл топтолду.

Элдер эски аянтка чыгып Текебаев менен Жапаровдун боштондугун талап кылышты.

Эльдос Казыбеков
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх