«Курултай тууралуу» мыйзам: Депутаттар менен атка минерлер «батыштын» баалуулуктарынын ордуна өзүбүздүкүн алмаштырууну ойлошот
«Биз ал тоо менен бул тоого чуркап атабыз», - дейт юрист
Депутаттар менен атка минерлер мыйзамга курултайды киргизүүгө аракет кылып жатышат. Бул үчүн президенттин алдындагы жумушчу топ түзүлдү, деп айтып берди Vesti.kg сайтына чакырылган эксперт Клара Сооронкулова.
Анын айтымында, жыйындын учурунда «Батыш» баалуулуктарынан баш тартуу тууралуу сөз болду, анткени ал Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында өзүн өзү жокко чыгарып алды. Ошондуктан депутаттар менен эксперттер Башмыйзамга өзгөртүү киргизип, өзүбүздүн салттуу башкаруу институттарыбызга кайтып келүүнү сунушташты.
- Жогорку Кенешти толугу менен курултайга алмаштыруу тууралуу сөз болуп жаткан жери жок, - деп түшүндүрөт Сооронкулова. - Кеп Башмыйзамга биздин баалуулуктарды киргизүү тууралуу болуп жатат.
Клара Сооронкулованын оюнча, курултай институтунда палаталык структураны колдонуу туура болот: бир палата эл өкүлдөрүнөн турат, экинчиси мыйзам чыгаруу жаатындагы адистерден турат.
Жумушчу топтун мүчөсү Турсунбек Акун курултайды жыл сайын чогултуу керек же эки палаталуу парламенттин негизинде түзүү керек дейт.
Кыскасы, эксперт өзу баамдагандай, азырынча кыялдануу гана бар. Биринчи кезекте жумушчу топ курултайдын мыйзамдуу макамы менен алектениши керек, ал аны өткөрүү Башмыйзамга бекитилген. Жакында документти Жогорку Кеңештин биринчи окуусуна жиберишет.
Юрист Шарабидин Токтосунов курултайды мыйзамдуу түрдө каттоо идеясын колдоду.
- Менимче, курултайды жылына бир жолу президенттин, өкмөттүн, Башпрокуратуранын жана Жогорку соттун ишине баа берүү үчүн өткөрүү пайдалуу болмок, - деп ой бөлүшөт ал Vesti.kg сайтына. - Эгерде кимдир бирөөнүн иши канааттандырбаса отставкага кетет. - Ал эми парламент болсо бир гана мыйзам чыгаруу менен алек болуусу керек, азыр болсо кадрлар менен да алек болуп жатышат. Жактоочуга бул идея жакты. Ал курултайда ар бир айылдын өкүлдөрү катышып, бул органга канчалык ишенсе боло тургандыгын айтууга мүмкүн болот.
- Батыштан үлгү алуунун кереги жок, - дейт ал. - Деги эле эч кимди тууроонун кереги жок, анткени өз мыйзамдарыбыз бар, ал илгертен бери эле жашап келе жатат. Курултай - алардын бири.
Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Кыргызстанда ал тоо менен бул тоого чуркай берүү демейдеги көрүнүш деп белгиледи. Бул жолу да ошондой болуп жатат.
- Ооба, курултай биздин Башмыйзамда бар, ага мыйзам базасын түзүү жакшы ой, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бирок бул аспапты кантип колдонуу керек? Эгерде сессия сыяктуу кылып чакырсак, СССР маалындагыдай кылып, анда бизге Жогорку Кеңештин эмне кереги бар? Ал эми Жогорку Кеңештин бир бөлүгү кылып койгондон да пайда жок. Бирок жыл сайын жоопчот алуу идеясы юристке жакты. Бир чочулаган жерибиз курултайдын мүчөлөрү менен депутаттар мушташпаса болду деп тамашалайт ал.
Кайрат Осмоналиев Кыргызстанда Жогорку Кеңеш өзүнүн жараксыздыгын көрсөттү дегенге макул эмес.
- Бул батыштын эмес жалпы адамзаттын баалуулуктары, - деп белгилейт ал. - Бизде Жогорку Кеңеште көптөгөн ортодокстор бар. Бирок ушу парламенттин сапаты шек жаратат. Бирок азыр түзөтүү киргизген соң, жарандар бир гана партияга эмес, ар бир депутаттын өзүнө да добуш берип калышат. Бул көйгөйдү бир аз жеңилдетет.
«Курултай тууралуу» мыйзамды иштеп чыгуучу жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Курманбек Дыйканбаев (жетекчи), КР адилет минитринин орун басары Максатбек Эсеналиев (жетекчинин орун басары), Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов, Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов, президенттин Аппаратынын уюштуруучлук-инспекторлук иши жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн өнүктүрүү мониторинги секторунун жетекчиси Мирбек Кожоев, президенттин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Усубалиев, президенттин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Жылгал Мурзалиева, улуттар ортосундагы мамиле жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча Мамлекетик агенттиктин директору Бахтияр Салиев, Кыргызстандын элинин маданий жана тарыхый «Мурас» Фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун жана «Кыргыз жолу» коомдук руханий бирикменин төрагасы Кадыр Кошалиевдер киришти.
Ольга Федорчук
Сүрөт www