Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин тарапташтары карыды, ал эми жаңылары жылына бир-экиден пайда болууда

ИИМдин маалыматтарына караганда качып кеткен кримтөбөл Кыргызстандын кылмыштуу чөйрөсүндөгү таасирин таасирин таптакыр жоготту

Өлкө аймагынан чыгып кеткен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев азыр Кыргызстандын кримчөйрөсүнө эч кандай таасири жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин Криминалдык кызматынын башчысынын орун басары Азамат Токтоналиев билдирди.

 «Батукаев Кыргызстанда 2009-2010-жылдары таасирге ээ болгон, бирок негизинен анын таасири абактар жана мурда соттолгон кавказ улутундагылар менен чектелчү. Азыр анын тарапташтары алтымыш жашка келип калышты, ал эми кылмыштуу топтордун жаш муундарында аны колдогондор жок», - дейт ал.

 Токтоналиевдин айтымында кримтөбөл Батукаев Нарында бири кишилик камерада кармалган.

 «Статистика боюнча, жылына бир же эки киши гана Азиз Батукаевдин тарапташтары катары катталат», - деп Криминалдык кызматтын башчысынын орун басары кошумчалады.

 Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы ден-соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулган.

 Дарыгерлер андан айыккыс онкологиялык дартты, С гепатитин жана боор циррозун табышкан.

 Маалым болгондой жакынкы күндөрү Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулгандыгына байланыштуу эки онколог дарыгери кармалган.

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх