Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте трансгендердик кыз өз кардарынын үстүнөн УКМКга арыз жазды

Лола милиция кызмакерине интимдик кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандан кийин кардары аны коркутууга өткөн

Өзүн «Лола» деп тааныштырган трансгендердик кызга тартип коргоо органдарынын кызматчыларынан кайрадан коркутуулар түшүүдө. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.

Аталган факт боюнча ал УКМКга арыз менен кайрылганы белгилүү.

«22-апрелде Аламедин районуна заказ келген, бирок мен ал жерге баруудан баш тарткам, ошондон бери мага коркуткан билдирүүлөр келип жатат, - дейт жабырлануучу. Коркутуп жаткан адам өзүн милиция кызматкеримин деген. Мындай коркутуулар биринчи ирет келип жаткан жок, ошондуктан мен УКМКга арыз менен кайрылууну туура көрдүм».

Лола арызга сүйлөшүүлөрдүн скриншотторун кошо тиркегенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин трансгендерик кыз маалымат каражаттарына аймактык милиционер аны опузалап, акча доолап жаткандыгын билдирген эле. Бул факт боюнча УКМК текшерүү иштерин баштаган.

Ошондой эле, ал буга чейин өзүнүн өзгөчөлүгүнүн айынан (эркек денесинде аял - ред.) жумуш таба албай, секс кызматтарын көрсөтүп жан сактаарын айтып берген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх