Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Азия Моллдо» илинген Георгиев лентасын айрым кыргызстандыктар сынга алды

Соода борборунун жетекчилиги эмнеден алар шаардык бийлик тарабынан мурда сунушталган кызыл-сары сызмасын эмес, бул символиканы тандашканын түшүндүрүшкөн жок

Кыргызстан коомчулугунда акыркы жылдары Георгиев лентасы боюнча кайчы пикирди кармангандар көбөйүүдө. Айрымдар аны «Улуу Жеңиштин символу» деп эсептеп, төшүнө сыймык менен тагып келишсе, башкалар Георгиев лентасын «колонизациянын белгиси» дешип, аны ашыкча даңазалоонун кереги жок деген пикирде.

Жакында эле «Азия молл» соода борборунда илинип турган ири көлөмдөгү Георгиев лентасынын сүрөтүн колдонуучулар Facebook социалдык тармагына таратып башташкан. Сүрөт лента тууралуу талкууга кайрадан жем таштап, адаттагы нааразычылыктарды пайда кылбай койгон жок.

Vesti.kg «Азия моллдун» администрациясына өткөн жума күнү эле эмне үчүн алар өз имаратына шаар бийлиги буга чейин сунуштаган кызыл-сары сызмасын эмес, кара-саргылт, башкача айтканда Георгиев лентасын илүүнү чечишкенин билүү үчүн кайрылган эле. Анда соода борборунун пресс-катчысы редакция кат жүзүндө расмий негизде кайрылса гана жооп бере алаарын айткан.Эки күндөн соң Vesti.kg кайрадан «Азия моллдун» пресс-катчысына суроо узатып, эч кандай жооп ала алган жок. Соода борборунун кабылдамасы болсо Vesti.kg сайтына редакциясынын катын алышканын, азыркы учурда ал азыр каралып жатканын жана күндүн аягына чейин катка жооп берилиши мүмкүн экениндигин билдиришти.

Тактай кетсек, Бишкек мэриясы 4 жыл мурун Георгиев лентасынан баш тарткан эле. Ошол маалдагы Бишкектин вице-мэри Айгуль Рыскулова шаардык бийлик эмне себептен мындай чечимге келгени боюнча түшүндүрмө берип өткөн. Ал борбор калаа кыргыз желегиндей  кызыл-сары өң менен кооздоло турганын билдирген. Ошону менен бирге экс-вице-мэр Георгиев лентасын колдонууга тыюу салынбагандыгын, бирок ал расмий макамга ээ эместигин дагы баса белгилеген. Маданият министрлиги болсо өз кезегинде мындан ары Кыргызстанда кызыл-сары сызма Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин символу деп табылганын жана ал Георгиев лентасы сыяктуу башка символдорго теңелгенин маалымдаган.

 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх