Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ассоль Молдокматованын эстелиги жөнүндө депутаттын пикири: Ал чындыгында маданиятка өз салымын кошкон

Бишкек мэриясы россиялык скульптордун сунушун азырынча карай элек

Бишкекте коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын урматына эстелик орнотуу зарыл. Кечээ жакындагы маалымат - жыйынында Россиянын скульпторлор ассоциациясынын башчысы Иван Дубровин ушундай сунуш менен кайрылды.

Анын айткандары боюнча, бул көркөм чыгарма Молдоакматованын өзүнүн жөн эле образын түзбөстөн, ал элдер келип, эргүү ала турган, сүйлөшө турган жана жардам сурай турган жер болот, -дейт. .

КР ЖК депутаты, КР мурдагы маданият министри Садык Шер - Ниядын айтымында, эстелик жөн эле тургузулбайт. Ал үчүн муну колдогондордун атайын комиссиядан уруксат алышы талап кылынат.

-Мага белгилүү болгондой, эстеликтер биздин элдик баатырларга гана коюлат,- деп түшүндүрдү ал. А башка эстеликтерди орнотуу үчүн атайын комиссиялар түзүлөт. Ассоль Молдокматовага байланыштуу, менин айтарым, ал маданиятыбыздын өнүгүшүнө чындыгында өз салымын кошкон. Ага эстелик тургузулабы, жокпу, аны тарых таразалайт.

Россиялык скульптор өз сөзүндө Бишкек мериясына монумент үчүн жер тандап берүү маселеси менен кайрылды.

Ошол эле учурда шаар башкармалыгы Дубровиндин сунушу карала электигин Vesti.kg сайтына билдиришти.

-Биз ЖМКда чагылдырылган оозеки арыздарды карабайбыз,- деп билдирди, Бишкек мэринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх