Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пара алып жатат деп шектелген МАИ кызматкерине, болгону сөгүш жарыяланды

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен анын акча алгандыгы тастыкталбады

ЖКККББнын кызматкери тарабынан пара алуу фактысы тастыкталбады, ага өзүнүн орой жүрүш - турушу үчүн сөгүш жарыяланды. Бул жөнүндө Vesti.kg сайтына ИИМдин Жол кыймылынын коомдук коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

- Аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлдү, - дешти алар. - ЖКККБнын кызматкеринин пара алагандыгы тууралу факты аныкталган жок. Бирок, ал кызматкерге карата тартип жазасы колдонулуп, жаранга орой мамиле жасагандыгы үчүн сөгүш жарыялоо чарасы колдонулду.

Эске салсак, ЖКККБнын кызматкеринин жол эрежесин бузган адамдан пара алгандыгын видеого тартып алган күбөлөр жөнүндө Vesti.kg сайты билдирген эле. Видеожазуу Youtube каналына жайгаштырылган. передавали, что в Бишкеке очевидцы ИИМдин Жол кыймылынын коомдук коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов эгерде маалыматтар тактала турган болсо, анда инспекторго карата чаралар колдонула тургандыгын Vesti.kg сайтына ошондо билдирген болчу.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх