Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызпочтасы» менен ЖКККБ айыппулдар жөнүндөгү билдирүүлөр дарегине «жетпей калышы» мүмкүн эмес дейт

Алар почтальон катты даректелүүчүдөн башка жакын туугандарына бере алаарын, бирок, кошуналарга эч беришпесин билдиришти

Почтальондор кээде жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдардын билдирүүлөрүн кошуналарга таштап кетип, айыптын ээси ал жөнүндө билбей да калышы мүмкүн. Расмий түрдө болсо да. Мындай көйгөйдүн учурап жатканы туурасында депутат Мирлан Маматалиев ЖКнын жыйынында билдирди.

«Билдирме жарандын жеке өзүнө тапшырылышы керек, мунун ордуна почтоочулар аларды кошуналарга таштап кетишет», - деди ал.

Депутат өкмөт өкүлдөрүнө «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу жана жол эрежелерин бузгандарга айыппулдардын билдирүүсүн жеткирүү механизмдерине көңүл бурууга чакырды.

Анткен менен «Кыргыз почтасынын» почта кызматтары жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова мындай тажрыйбаны төгүндөдү. Ал Vesti.kg сайтына почтальондор катты адресаттан башка эч кимдин колуна бербесин билдирди.

- Бул эрежени бузуу фактылары аныктала элек, деди Жээнбеков. - Бирок, эгерде кимдир-бирөө мындай абалга туш болсо, ал бизге өзүнүн аты-жөнүн жана дарегин көрсөтүп кайрыла алат.

 

КРнын ИИМнин басма сөз кызматында «Кыргызпочтасы» менен макулдашылган келишимде кат жол эрежесин бузган айдоочуга гана берилээрин баса белгилешти.

- Болбой калды дегенде - жакын тууганына, - бирок кошуналарга эмес, - деп кошумчалашты алар Vesti.kg сайтынын суроосуна жооп узатып жатып.

Башкача болушу мүмкүн эмес.

Эскерте кетсек, жол эрежесин бузган айдоочу айыппулду аны алган күндөн тарта бир айдын ичинде төлөшү керек, антпесе, туум кошула баштайт.

Эгерде айдоочу тарабынан төлөм төлөнүлбөсө анда ЖКККБ соттук негизде айыппулду талап кылат. Эгерде тартип бузуучу буга да баш ийбесе, анда сот анын мүлкүнн камоого алуу мүмкүндүгүн карап чыгат.

Мындан сырткары, төлөнбөгөн айыппулдар авто айдуучуга унааны кайра каттоого алууга жол бербейт.

 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх