Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айлык акы айына бир миллион сомдон ашык? «Мегаком» бул маалыматтарды жокко чыгарат

Компаниядан билдиргендей, генералдык директор Акылбек Жамангулов айына 200 миң сом алат, ал эми калган кызматкерлер андан аз алышат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурда башкарган, азыркы «Мегакомдун» кызматкери Алмазбек Примов компанияда иштеген бир ай үчүн 1 миллион сомдон ашыгыраак айлык алат. Бул жөнүндө бүгүн социалдык түйүндөрдө жарыяланган документтерде айтылат.

2018-жылдын ноябрь айы үчүн «Мегакомдун» кызматкерлеринин алган айлык акылары Түйүндүн колдонуучуларынын жинине тийди жана аларга тынымсыз сындар жаады.

Жарыяланган документке ылайык, компаниянын башчысы Акылбек Жамангулов ноябрь айында 600 миң сомдон ашык акча алган.

Vesti.kg сайты «Мегаком» компаниясына комментарий берүү үчүн кайрылганда, алар бул маалыматтарды четке кагышты..

«Мегаком» компаниясынын маалыматтар бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов документ жалган экендигине жана кызматкерлердин паспорттук маалыматтары ойдон чыгарылып жазылгандыгына ишендирди.

- Азыр компаниянын жетекчилигин каралоо жүрүп жатат, -деп баса белгиледи ал. -Бул документ чындыкка жатпайт. Кызыкчылык үчүн биз СТИНди (ИНН) салыштырып көрдүк - жана алар туура келбейт. Же болбосо сандар ойдон чыгарылган. Компаниянын генералдык директору Акылбек Жамангулов анын айлык акысы 200 миң сом экендигин мурда эле билдирген. Мындай караганда, албетте анын кызматкерлеринин айлык акысы аныкынан жогору болушу мүмкүн эмес.

Андан башка, Алмазбек Примовдун азыркы учурда компанияда иштебей калганын да Өмүрканов кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх