Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык мигранттарга партия түзүп, парламентке кирүүнү сунушташты 

«Замандаш» партиясы чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештербизди колдоо акциясын өткөрүштү   

Бишкекте, Горький атындагы паркта «Мигранттын үнү» аттуу тынчтык акциясы болуп өттү, анын жүрүшүндө өлкөдөн тышта эмгектенген кыргызстандыктардын көйгөйлөрү көтөрүлдү.

 Аталган иш - чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулардан болуп «Замандаш» саясий партиясы чыкты. 

 Аталган саясий бирикменин төрагасы Жеңиш Молдокматов акциянын максаты жана эмгек мигранттары тез-тез туш болгон көйгөйлөр тууралу айтып берди. 

 - Биз өзүбүздүн мекендештерибиздин үнүн коомчулукка жана өкмөткө жеткирели деп жатабыз, мигранттар кандай шарттарда жашашат жана кантип  мамлекеттин жетекчилиги аларга жардам бериши керек, ошону айталык дедик, - деп түшундүрдү «Замандаштын» лидери. - Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошконго даяр кыргызстандыктар бар, бирок аларга кандай шарттар түзүлө тургандыгын билишпейт, - салыктарды азайтабы, фискалдык органдардын текшерүүлөрүн алып салышабы? Инвесторлор же мигранттар Кыргызстанда ишканаларды ачышат, бир же эки жыл иштешет, андан кийин тез-тез текшерүүлөргө туш болушуп, бизнестерин жаап, кетип калышат. Ошондой эле рейдерлик тартып алуулар болот. 

 Мурдараак Молдокматов бир канча жолу «200 - жүктү» ташып келүүдөгү көйгөйлөр тууралу маселени чечүү керектигин айтып келген. Бүгүн дагы ал трибунадан мигранттардын өмүрүн камсыздандырууну колдогон жарандардын колдорун парламентарийлерге берүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.

 - Биз 40 миң кол чогулттук, бирок, Жогорку Кеңеш эки ай каникулга чыга турган болсо, бул жөнүндө бардыгын унутат, - деп белгиледи «Замандаштын» төрагасы. - Ошондуктан биз кол топтоону уланта берели деп чечтик жана эл өкүлдөрүнө документти күзүндө берели дедик. 

 Бүгүнкү акцияга эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар, кечээ жакында түзүлгөн «Мигрант энелери» комитетинин мүчөлөрү жана Жогорку кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов да чакырылган. 

 Парламентарий мигранттарга өздөрүнүн партиясын түзүп жана Жогорку Кеңешке киришин сунуштады. 

 - Көйгөйлөр чындыгында көп, биз мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуудабыз, бирок, көпчүлүк учурларда биздин демилгелер колдоо таппай жатат, - деди Шыкмаматов. - Биз жетишпей жатабыз, муну моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан силер биригишиңер керек жана саясатка келишиңер керек - ошондо гана биз көптөгөн маселелерди чече алабыз. 

 Чогулгандардын алдында мындан 4 жыл мурда кызы миграцияда каза болгон Гулипа Абдиева да чыгып сүйлөдү. Ал ошондо сөөктү алып келүүдө жардам бергенден баш тарткандыктарын айтты. Жыйынтыгында үч жылдан ашуун убактан кийин, «Замандаш» партиясы сөөктү алып келишип, мекенинде кайрадан жерге беришти.

 

 Зулайка Эркимбаева

Фото www   

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх