Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Күн батареялары эгерде Кыргызстанда чыгарылса, өтө эле кымбат болбойт»

Бишкектин көчөлөрүн жарыктандандыруу үчүн күн батареяларын колдонуу демилгеси энергетиктерди кубандырды

Бишкекте шаарды жарыктандыруу үчүн күн батареяларын колдонуу кыйла үнөмдөөгө жол ачат. Ушундай пикири менен Vesti.kg  сайтында техника илимдеринин кандидаты, профессор Манас Сүйөркулов бөлүштү. 

- Кытайда фонарлар менен светофорлорго мурдатан бери эле күн батареяларын орнотуп келишүүдө, - деди ал. -Күндүз күндөн кубаттуулук алышат, түндөсү жарыктандырат. Эч кандай чубалгынын кереги жок. Мурда эле ушундай кылышыбыз керек болчу, биз үч жыл мурда бул маселени көтөргөнбүз, бирок колдоо тапкан эмеспиз. 

Эксперттин айтканы боюнча, көчөлөрдү аталгандай жарыктандыруу болсо, күн батареяларынын өзүн акташы өтө деле коркунучтуу эмес, биз ойлогондой. Электр энергиясын өтө төмөн колдонуудан жарык кыйла арзанга түшөт.

- Күн батареясы жарыктандырууну бир ваттка колдонгондо 100 люкска (жарыктандырууну өлчөө бирдиги - ред. эскетүүсү) барабар берет, - деп көрсөттү энергетик. Ушундай демилгелерди колдоо керек. 

Ошондой болсо да, Сүйөркулов бул 9 айга гана байланыштуу деп моюнга алды: кышкы жарык күндүзгү эффективдүү кубаттуулук алууга жетеби, жетпейби. Бирок, ошого карабай күн батареяларынын эң жакшы жардамы тиет деп белгиледи ал. 

Отун - энергетикалык комплекстер боюнча эксперт Расул Умбеталиев жылына 300 жолу күндүн тийгени - батареяларды колдонуу үчүн толук жетишет деп эсептейт. 

- Бүгүнкү күндө өлкөбүздө чындыгында электр энергиясы жетишпейт, - деди ал  Vesti.kg сайтына. - Ошондуктан кичинеден болсо да электр энергиясынын алтернативалуу пайда болгон булактарына өтүшүбүз керек. Светофорлорго күн батареяларын орнотушубуз керек. Алар иштеп чыгарган электр энергиясын аккумуляция кылса болот. 

Батареялардын өзүн-өзү тез акташы үчүн аларды Кыргызстанда чыгарышыбыз керек, деп сунуштады эксперт. 

- Маселенин чечилишине комплекстүү мамиле жасоо керек, -деп белгилейт ал. 

Эске салсак, Vesti.kg сайты электр энергиясын үнөмдөө максатында Бишкек мэри Азиз Суракматовдун  «Бишкекжарыктандыруу» МИсына райондук администрациялар менен биргеликте күн батареяларын ишке киргизүүнү тапшырган. 

Мурдараак  Расул Умбеталиев энергиянын алтернативалуу булактарын өнүктүрүшүбүз керек деп айткан, бирок алар ЖЭБ менен теңтайлаша албайт, себеби, чет өлкөдөн сатылып алынган күн батареялары өзүн көптөн кийин актайт - бирок бизде башка жол да жок. 

2016-жылы ноябрда «Бишкек» ЭЭАнда күн батареяларынын өндүрүшү боюнча завод ачылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча чыгарылган продукциянын 30% Кыргызстанда сатылып, калган бөлүгү Евразия экономикалык шериктештигинин өлкөлөрүнө жөнөтүлөт дешкен. 

Ольга Федорчук

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх