Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Рыспаев: Мен өз эсебимден сыйлык фондуна  «Субару» машинасын койдум

Кожомкулдун 130-жылдыгынын урматына Суусамырда 8 автомашина ойнотулат

Кожомкул Кааба уулунун 130 жылдыгынын урматына Суусамырда спорттун ат оюндарынын түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. 

Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин айткандарына караганда, иш чараны уюштурууга президент Сооронбай Жээнбековдун фондунан, Премьер - министр Мухаммедкалый  Абылгазиевдин фондунан жана парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдон каражаттар бөлүнгөн. 

- Мамлекет башчысынын фондунан 400 миң сом, премьерден - 300 миң сом, парламенттин төрагасынан - 200 миң сом которулду, - деп кабарлады депутат. - Мен өзүмдүн жеке эсебимден сыйлык фондуна  «Субару Форестер» автомашинасын койдум жана Каракол айылына 200 миң сомго трансформатор орнотомун. 

Акча каражаттары мелдештерди уюштурганга жана сыйлык үчүн автомашиналарды сатып алганга жумшалат. 

 Бардыгы болуп 8 автомашина коюлат, - деди Рыспаев. - Көк-бөрү, ат чабыш, жана башка спорттун  ат оюндарынын түрлөрү боюнча мелдештер жүрөт. Ат көтөрүү боюнча да конкурс пландалган. 

Иш - чара ушул жылдын 29- жана 30 - июнь күндөрү өткөрүлөт. 

Кожомкул Каба уулу оор салмактагы спортсмен гана эмес, ошондой эле эң мыкты мергенчи жана кыргыз балбаны катары атагы чыккан. 

Элибизде ал атты жонуна көтөрүп алып 100 метрге чейин баргандыгы менен аты белгилүү болгон. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх