Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гамал Бөкөнбаев: Юристанбек Шыгаев түрк миллионерине жасалма картиналарды саткан (фото)

Маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү мүмкүн, белгилүү иштерди жасалмалап гана калбастан, плагиат менен да алектенген. Шыгаевдин өзү болсо, бул айыптоолорду башка бирөөлөрдүн көралбастыгы дейт

Г.Айтиев атындагы Сүрөт музейинин жаңы жетекчиси Мира Джангарачева Vesti.kg сайты менен болгон жакындагы маегинде, эксперттер мурдагы директор Юристанбек Шыгаевдин кабинетинде асылып турган картиналардын асыл нускалыгын текшеришет. Алдын алган версиялар боюнча, баалуу иштер жоголгон, тагыраак айтканда, аларды көчүрмөлөрү менен алмаштырышкан.
 
«Акыркы текшерүү 2014-жылы болгон, картиналарды алып чыгып кеткен фактылар аныкталгандыктан, музейде комиссия иштеп жатат. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Мүмкүн, биз иштердин асыл нускалыгын текшерген эксперттерди чакырабыз. Биринчи кезекте, сөз орус сүрөтчүлөрүнүн картиналары жөнүндө болуп жатат, себеби, алардын арасында сейрек кездешүүчү жана баалуу экспонаттар бар», – деп билдирди Жангарачева.
 
Мына ушуга байланыштуу Vesti.kg сайты Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрүнөн бул окуяны чечмелеп берүүнү өтүнгөндө, алар КР Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев бөтөн картиналарды көп жолу колдонушу мүмкүн экендигин билдирген маалыматтар менен бөлүшүштү.
 
- Биздин сүрөтчүлөр бир түрк миллионеринин чакыруусу боюнча Кипрге учушат, - деп билдирди КР эмгек сиңирген сүрөтчүсү Гамал Бөкөнбаев. - Миллионер, ал жерде музей куруп, ал музейге түрк тилдүү өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн иштери коюла турган болуп жатат. Кыргыз сүрөтчүлөрү ага биздин музейдегидей, коллекция чогултканга жардам беришүүдө. Шыгаев ал жерге барып, кээ бир картиналарды түп нускасы деп алдап саткан. Ушул жерде ал кандайдыр бир ишмердүүлүктү баштаган. Шыгаев мурдараак Сверчковдун ишин сканерлегемин деп айткан. Биз, сүрөтчүлөр үчүн, бул деген жасалмасын жасаймын дегендик. Эгер ал көчүрмөсүн жасаганды кааласа, ага телефонго тартылган сүрөт деле жетиштүү болмок. Сүрөтчү карап туруп эле көчүрмө жасай алат.
 
Искусство таануучу, ишти сканерлөө картинанын астында башка бирөөнүн колун көчүрүү дегенди түшүндүрөт деп белгиледи.
 
- Мисалга, Сүймөнкул Чокморов тарабынан жасалган көчүрмө, - Диего Веласестин иши, - деп улантты Бөкөнбаев. - Бирок, анда белгилүү бир сүрөтчүнүн ишинин көчүрмөсү деп көрсөтүлгөн. Орто кылымдарда жана Кайра Жаралуу эпохасында көчүрүү усулдары менен көбүрөөк окутушкан. Качан сен ачык эле картинанын артынан тарта баштасаң, бул көчүрмө - жакшы. Бирок, качан сүрөтчү картинаны сканерлеген болсо, анда ага толук иденттүүлүк керектелет, соңунда ишенбөөчүлүк пайда болот. Көпчүлүк учурларда, толук көчүрмө жасоого же болбосо, колун көчүрмө жасоого буюртмалар түшөт. Ошондо алар түшүнүшөт, криминалдын башталгандыгын. Жыйынтыгында, Шыгаевдин кээ бир картиналарды асыл нуска түрүндө түрк миллионерине саткандыгы тууралу фактылар табылат.
 
Аңгемелешип жатканда искусство таануучу, бул жерде, түрк миллионеринин да күнөөсү бар экендигин белгиледи. ​
 
- Түрк буюртмачысы, бул жөнүндө билгенден кийин, аябай ачууланып, төмөндөгү шарттарды койгон: Юристанбек Шыгаев ага жасалма иштерди саткандыгы үчүн, белгилүү сандагы иштерди аткарып бериши керек, - деп белгиледи искусство таануучу. - Иштин баары, түрк картинаны анын кайдан экендигин билбей туруп, асыл нуска катары сатып алганга акысы жок болчу. Ошондо Шыгаев бул картиналар өзүнүн жеке коллекциясынан же Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен деп айткан.Ошондой эле ал, кээ бир иштер белгилүү сүрөтчүлөрдүн  тирүү кезинде жасалгандыгын, ал иштер Аблабек Даировго (1932-1989), Иван Тюринге (1824-1905) таандык деп билдирди. Эми Шыгаевден алар тарабынан жасалган 30 ишти талап кылып жатышат. Кипрде ал өзү дагы 20 иш - картина жасап бериши керек. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды, ошондуктан макул болду. Бул дагы тергөө органдары үчүн материал. Юристанбек Шыгаевдин бир канча бөтөн картинаны колдонгондугу тууралу фактылар бар.
 
Төмөндө Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев тарабынан тартылган, бирок, белгилүү дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн иштерине окшоштугу бар картиналарды сунуштайбыз.
 

Алардын ичинде Тамара де Лемпицкинин «Автопортрет. «Жашыл кийген аял Bugatti» (1929) бар. Юристанбек Абдиевич өз кезегинде ушуга окшош ишти жасап, «Римма рулда» (2009) деп атаган. Чындыкты айталы, ал картинасында өзүнүн аялын тарткан.
 
Жогорудагы аталган иши «Акварелдин кайтып келиши» аттуу журналда берилген.
 ​



Төмөндө орус сүрөтчүсү Михаил Рытяев менен Юристанбек Шыгаевдин иштерин тартуулайбыз.
 


Ошону менен бирге Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Юристанбек Шыгаевдин «Манас» орденин алганга да талапкер болгондугу жөнүндө да айтышты.
 
- Ушул жылдын жазында Юристанбек Шыгаев Сүрөтчүлөр союзуна «Манас» орденин алууга талапкер катары билдирүүлөрү менен документтерин жөнөткөн, - дешти алар. - Андан сырткары, Третьяков галареясы анын картиналарын алгандыгы жана анын картиналары ал жерде туруктуу экспозицияда экендигин белгилеген. Биз анчалык ишене бербей, Третьяков галареясына сурамжылоо жөнөттүк. Ал жактан Шыгаевдин иштери аталган галареяда жок деген жооп келди. Эл сүрөтчүсүнүн моралдык кебетеси ушундай.
 


Ал арада Vesti.kg сайты Юристанбек Шыгаевдин өзүнө кайрылып, жогорудагы маалыматтардын канчалык чындыгы бар экендигин сурады.
 
- Бул калп, - деп белгиледи ал. - Мен андайды жасаган эмесмин. Булар менин көчүрмөлөрум эмес. Көчүрмөлөрдү менин кесиптешим Рахат Итикеев жасаган. Көчүрмөлөрдү жасаганга уруксат берилет. Ооба, Кипрге барганбыз. мен ал жерде көргөзмө өткөргөмүн. Бирок, өзүмдүн иштеримди сатканмын. Бул кандай плагиат? Андай болушу мүмкүн эмес. Булар менин өзүмдүн иштерим. Мен 1998-жылы Лос - Анжелесте «Гран-при» алганмын, Шанхайда - алтын медаль, Бангладеште - алтын медаль алганмын. Менимче, ал жерлерде жөнөкөй адамдар эмес, сынчылар олтурса керек. Сүрөтчүлөр союзундагы адамдардын айткандары - көралбастык. Менин иштерим чет өлкөлөрдө дүйнөнүн атактуу музейлеринде коюлган. Бул деген менде өзүмдүн стилим - «шыгаевдик» стиль бар экендиги жөнүндө билдирет.
 
Медина Купсулдаева
Фото www
 
 
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх