Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР транспорт министрлиги: Аталган абалда биз Казакстандан эч нерсе талап кыла албайбыз

Казак Республикасында чет элдик автолорду ташууга тыюу салабыз деп пландаштырып жатышат, себеби, анын айдоочулары ал транспорттордун өлкөдө катталбагандыгынан пайдаланышып, жол кыймылынын эрежелерин тез-тез бузушат

Казахстанда  чет элдик номерлери менен автомобилдерди колдонууга тыюу салууну пландап жатышат. Бул тууралу  Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев кабарлады деп Tengrinews.kz. билдирет. 

 «Армения, Кыргызстан жана Россиянын аймактарында катталган машиналарга арыздануулар көп жана алар жол кыймылынын эрежелерин бузушат, - деп түшүндүрдү мекеменин башчысы. - Андан дагы кошуна мамлекеттеринин номерлери менен автомашинанын ээлерине эч кандай чара көрүү мүмкүн эмес, себеби, транспорт Казакстандын аймагында катталган эмес».

Ошондуктан, Казакстан Республикасына кирип жаткан автомобилдерге чектөө киргизүү менен 10 күндөн ашык жүрө турган болсо, милдеттүү убактылуу каттоого алууну мекемеден сунушташууда.

 «Эгер ал транзиттик транспорт болсо, анда 10 күн ичинде өлкөнүн аймагынан өтүп кетсе болот, -деп ойлойт Тургумбаев. - 10 күндөн кийин тарнспортту убактылуу каттоого алуу керек». 

Андан тышкары, тыюу салуу чет элдик транспорт каражаттарын жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жана жүктөрдү ташууда Казакстан жарандары тарабынан колдонушуна да таасир этет. 

Административдик полиция Комитетинен Казакстанда узак убакыт пайдаланууда болгон Евразия экономикалык союзунун мүчөлөрү - мамлекеттеринде катталган транспорттук каражаттарды милдеттүү убактылуу каттоого алууну киргизүү маселеси азыр бардык мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер менен талкуу стадиясынан өтүп жатат. Аны ишке ашырууда "Жол кыймылы жөнундөгү» мыйзамга өзгөтүүлөр менен кошумчаларды киргизүү керектелет. 

Мурдараак, чет элдик номерлери менен автомашинасы бар казакстандыктардын автомашиналарын сөзсүз каттоого алышын милдеттендиришет деп кабаралашкан. 

Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинен Vesti.kg сайтына алардын бул чечими укуктук нормалардын алкагынан чыкпайт деп айтышты. 

- Бул алардын укугу жана азыркы учурда алардан эч нерсе талап кыла албайбыз, - деп белгилешти ал жактан. 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх