Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендин прокурорунун өлүмүнө айыптуунун ата-энеси президент менен жолугушту

Сооронбай Жээнбековго алар укук коргоо органдары тарабынан болгон зомбулуктар жана зордуктар тууралу айтып беришти

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун ата-энеси президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралу Vesti.kg сайтына айыпталуучунун карындашы Дамира Калыкова кабарлады. 

Жолугушуу мамлекет башчысынын аймакка кечээ күнкү бир күндүк сапарынын жүрүшүндө болуп өттү.- Мурда биз бир канча жолу Сооронбай Жээнбековго кат менен кайрылганбыз, - деп белгиледи ал. - Ошондой эле менин апам анын Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушуусунда сүйлөшкөн. Бүгүн менин атам президенттин алдында чыгып сүйлөп жана айтты:  «Сиз ишти өз көзөмөлүңүзгө алгандан кийин, алар кайра бизге каршы иштей баштады». Биздин үй-бүлө мамлекет башчысынан иштин акыйкат каралышын камсыздап беришин гана суранат. Биз ага берген катыбызда, агабызды кантип токмоктошконун көрсөттүк. 

Дамира Калыкова бүгүнкү күндө аны менен жана каза болгон прокурор менен бирге аңчылыкта болгон прокурорлор өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөндүгүн кошумчалады. 

- Бардык прокурорлор ар түрдүү көрсөтмөлөрдү беришип жана өздөрүнө өздөрү карама-каршы келип жатышат, - деди аял. - Баткен районунун мурдагы прокурору Мирлан Калыбековдун орун басарлары аңчылыкты так ошол уюштурган деп жатышат. Бир күн мурда кой союп, кафеден тамактарга буюртма берген. Бирок, Калыбеков тоого чыгууну каза болгон прокурор демилгелеген деп жооп берүүдө.   

Калыковованын айтымында, тергөө органдары айыпталуучу тарапка иштин материалдары менен таанышып чыгууга мүмкүндүк беришкен эмес. 

-Тергөө маалында бизге жана жактоочуларыбызга материалдар менен иштөөгө мүмкүндүк беришкен жок, - деп арызданды ал. - Азыр сот да бизге убакыт берген жок. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх