Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ак көңүл милиционерлер жүрбөй токтоп калган машинаны жолдун четине түртүп чыгарганга жардам беришти 

Кыргызстандык мындай укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен сыймыктанды  

Кыргыз жеринде ак көңүл адамдар али болсо да бар! ЖКККБнын кызматкерлери жүрбөй калган машинаны жолдун четине чыгарып койгонго жардам беришти. Бул тууралу кыргызстандык өзүнүн Twitterинде айтып берди. 

«Биздин алдыбызда машина өчүп калып, жүрбөй калды, ошол жердеги патрулдук машинадан кызматкерлер чыгышып, биргелешип айдоочуга жардам беришип, машинаны жолдун четине чыгарышты», - деп айткан JashKoen жана сүрөттү тиркеген. 

Vesti.kg сайтына, ал өзү мындай сүйкүмдүү окуя 14:00 чамаларында Ахунбаев көчөсүндө болуп өткөндүгүн айтып берди. Милиционерлер жана башка бир автосүйүүчү өздөрү, бузулуп калган машинанын ээсине жардам берүүгө кайрылышкан.

 Калган машиналарга жол ачылгандан кийин, тартип сактоочулар жолдорун улашкан. 

Ольга Федорчук

Фото Twitter



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх