Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «Финполициянын» имаратынын капталына «Раимдин» портретин тартышты (видео)

ЭКККМКнан бул жорукту кичинекей ээнбаштык деп аташты 

Түйүндөгү кечээ эле таркатылган видеодо, айдоочу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын имаратына Райымбек Матраимовго окшогон адамдын сүрөтүн трафареттин жардамы менен тартып жаткан учурун тартып калган. 

Vesti.kg сайты «Финполицияга» бул окуяны чечмелеп беришин өтүнүп кайрылган. 

- Ооба, аталган сүрөттү байкадык, - деп жооп беришти ЭКККМКнын маалымат кызматынан. - Мүмкүн, элдер ушундай жол менен өздөрүнүн позициясын көрсөтүшүүдө. Муну болгону кичинекей ээнбаштык деп атасак болот. Ал сүрөттү алып салдык. 

Эске салсак, Бишкекте мурдагы депутат Ширин Айтматова социалдык түйүндөрдө баштаган коррупцияга каршы акция күч алып бара жатат. Анын демилгеси менен жасалган сүрөттү көпчүлүк футболкаларына чаптай баштаган. Ал сүрөттө Раимбек Матраимовго окшогон адамдын сүрөтү тартылган.

Бирок, Айтматова Twitter социалдык түйүнүндө, ЭКККМКнын имаратынын дубалындагы тартылган сүрөткө эч кандай тийиштигим жок деп белгилеген.

 

Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх