Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандагы кадр саясаты жакшы билим алууга жолтоо болуп жатат» 

Профессор, өлкөдө мектептер, бала бакчалар курулуп жатат, бирок, кийин аларда окуу мүмкүн болбой жатат - полу урап калат же чатырынан суу тамчылайт

Кыргызстанда Франция же Даниядагыдай билим берүү деңгээли жок, себеби, бизде кадрлар менен башкарууда чоң көйгөйлөр бар. Ушундай пикири менен КУУнин кафедра башчысы, профессор Айнура Арзыматова бөлүштү. 

- Мен биздин өлкөдө билим берүүгө аз эмес акча бөлүнүүдө деген президентибиздин сөзүнө кошуламын, андан тышкары, эл аралык уюмдар да жардам көрсөтүшүүдө, - деп белгиледи ал. - Ооба, Данияда гана каражаттар керек жерде колдонулат, а бизде болсо - андай эмес. Бардык маселе - кадрларда. 

Айнура Атыгаевна, Билим берүү министрлигинин дарегине айтылган сындар тегеренип келип бул тармактын башкаруусуна такалат деп кошумчалады. 

- Бизде мектептер, бала бакчалар курулуп жатат, бирок, аларда кийин окуп кетүү кыйын болууда - же полу урап калат, же чатырынан жамгыр тамчылай баштайт, - деп сүйлөдү ал. - Андан дагы, Кыргызстанда тууганчылык аябай күч алган, өтө чоң кызматтарга деле тууганчылык менен келишет. Мына ушулурдан улам жогорку билим берүүдө да көйгөй бар: сабатсыз педагогдор жогорку окуу жайларында сабатсыз мугалимдерди даярдашат, алар өз кезегинде алган сабатсыз  «билимдерин» балдарга беришет. Эмнени гана айтпайлы, депутаттар шайлоо жөнүндөгү мыйзамга диплому жок эле парламентке шайланса болот деген өзгөртүү киргизели деп чыгышты. Эгерде башкы мыйзам чыгаруу органында ушундай деп жатышса, анда жөнөкөй эл жөнүндө эмнени айтсак болот. 

Түшүндүрүп кетебиз, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖББТ алтын сертификаттарын тапшырууда Сооронбай Жээнбеков биздин өлкөдө ИДП эсебинен 6 пайызы билим берүүгө бөлүнөт деп айтты. Бул Финландия, Малайзия, Франция, Эстония сыяктуу өнүккөн билим берүү системасы бар өлкөлөрдөгү билимди каржылоонун деңгээли  менен барабар дегенди билдирет. 

Ошону менен бирге мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн босого баллдан өтпөй калды деп билдирди. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх