Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШда инкассатор машинасы жүрүп бара жатканда ачылып кетти. Тегеректин баарына акчалар чачылды (видео)

Тагдырына ыраазы болгон айдоочулар «асман белегин» чогултууга шашышты 

Атлантада  (АКШ) кечээги күн көптөгөн адамдар үчүн ушундай акжолтой күн болду: инкассатордун машинасынын арткы эшиги жүрүп бара жатканда ачылып кетти. Анын ичиндеги акчалар уча баштап, машина өтчү жолду жана анын тегерегин күзгү түшкөн жалбырактар сымал  каптады. Окуя тууралу видеону көптөгөн дүйнөлүк ЖМКлар жарыялашты.  

Роликтин автору, адамдар машиналарын токтотушуп, анан кантип  «ээси жок» долларларды чогултууга чуркап жатышканын тартып калган. Көпчүлүктү түзгөн жалпы ажиотаж трасса боюнча кыймылды токтоткон, - деп жазат WSB-TV.

Албетте, полицейлер ошол эле убакытта акчаны чогултууга жөнөшкөн. Бирок,  алар окуя болгон жерге баргычакты, чогулта турган эчтеке калган эмес: тартип сакчылары болгону 200 доллар табышкан. 

Банк 175 миң доллар жоготту деп кабарланат. Полиция жарандардан алар тапкан акчаны кайтарып берүүнү өтө суранууда. 

Булак

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх