Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМДБ уурдоолор жөнүндө: Биз ыйык болгон эч нерсеси калбаган муунду тарбияладык 

Кыргызстан муфтиятында мечиттин жанындагы садака салынган кутудан уурдалган акчалар жөнүндө чечмелеп беришти

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы мечиттин жанында садака үчүн орнотулган кутудагы акчаны жаш жигит уурдап кеткен. Бул тууралу «Акипресс» агенттиги кабарлады.

Бул ушул жумадагы экинчи болуп өткөн окуя экендиги айтылат. Мурдагы жолу акчаны эски мечиттен 6-июль күнү уурдашкан. 

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында мындай нерселердин өздөрүнө өтө жат нерсе экендиктерин билдиришти.

- Биз, тилекке каршы, ушундай муунду өстүрдүк, алар үчүн ыйык эч нерсе жок, - деди Vesti.kg сайтына КМДБнын өкүлү Акимжан Эргешов. - Алар мечитти колдоо үчүн чогултулган кайрымдуулук акчаларын уурдап жатышат. Жаштар эмне жасап жаткандарын өздөрү түшүнбөй жатышат. Биз, өздөрүнүн жасаган аракеттерине жооп бере ала турган жаңы муунду сөзсүз тарбиялашыбыз керек деп гана айта алабыз. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх