Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз таануучу: Кыргыздар өздөрү «Көчмөндөр оюнунда» көрсөтүшкөн маданий баалуулуктарды карманышпайт 

Мелис Мураталиевдин пикири боюнча, бул баалуулуктарды мыйзам деңгээлинде элге сиңирүү керек 

Кыргызстан көчмөндөрдүн маданияты тууралу дүйнөгө жар салды. Бирок, ошол эле учурда элдин өзү чет элдиктерге көрсөтүшкөн баалуулуктарды карманышпайт. Ушундай пикири менен  Vesti.kg сайтына кыргыз таануучу Мелис Мураталиев бөлүштү. 

- Биз, миңдеген жылдардан бери сакталып келе жаткан биздин улуттук баалуулуктарыбыздын кадимки эле турмушубузда керектелип турушун каалайбыз, - деди ал. - Муну бизде, норма катары калыптанышы үчүн,  мыйзамдар деңгээлинде жасашыбыз керек. Мисалга, адам укуктарына таянып алып, толук бир улуттун уятын жана абийирин тепсеп салдык. Мындай учур Батукаев менен болгон окуяда болуп өттү. Мен анын жакшы же жаман адам экендигин айтпай эле койдум. Мен ошол нерсени ким жасагандыгы жөнүндө айткым келет. Баары бизди олтургузуп кетти, аны мыйзам чегинде бошотуп жиберип. Андан кийин ачыкталып жатат, ал катуу ооруган эмес экен. Ушундай алешемдиктер бизде болот.

Мураталиевдин айткандары боюнча, кыргыздар, өздөрүн сонунбуз деп дүйнөгө көрсөтүшкөндөй эмес. 

- Биздин баалуулуктар, маданиятыбыз жана өз алдынчалыгыбыз эч жерде жазылган эмес, - деп улантты кыргыз таануучу. - Болгону алар биздин оозеки айткандарыбызда жана декларативдик мүнөзгө ээ. «Көчмөндөр оюну» тууралу бүт дүйнөгө билдирүү жасадык. Буга баары таң калышты. Бирок, биздин турмушта бардыгына көрсөткөндөрүбүз азыр жок да. Кеп жок, «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» - Кыргызстандын маданияты, анын өзгөчөлүктөрү жана тарыхы менен туристерди тааныштырууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Мен ушулардын баары биз үчүн турмуштун маңызы болушун каалар элем. А бизде болсо ушул элемент туристерди өзүбүзгө тартуу үчүн колдонулуп жатат. Бирок, булар биз эмеспиз. Биз, негизи, чынында кандайбыз?  Түрмөлөргө олтургузуп жатабыз, атайын кылмышка түртөбүз, бири-бирибизди сатабыз, жерибизди сатабыз. А дүйнөгө болсо, кыргыздын маданиятын көрсөтөбүз. Анда биздин жасагандарыбыздын баары фикция болуп калабы. Чындыгында, биз дүйнөгө эмнени көрсөтсөк, ошолорго таттыктуу болушубуз керек. Ооба, булар мурда башыбыздан өткөн, бул нерселер биздин каныбызда. Бирок, булардын баары бүгүн нормативдик мүнөзгө ээ эмес да. А мен болсо, булардын баарынын керек экендигин билемин. 

Ошол эле учурда, Мелис Мураталиев, азыр кыргызстандыктардын баары соодага ойлорун буруп калышкандыгын белгилеп өттү. 

- Соода жолдору аркылуу башка жактардан келген маданият, бардык убак кыргыздарды толкундантып келген, - деп белгиледи ал. - Биз - көчмөндөрбүз. Өмүр бою бизде соода болгон. Ансыз мүмкүн эмес болчу. Бирок, биз соода-сатык менен гана алектенип жашаган эмеспиз. Ал эми азыр болсо, толугу менен соодага батып кеттик. 

Алина Ормонова

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх