Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэриядан борбор калаадагы дарактар зыянкечтердин аркасынан сары түскө айланып жатат деп билдиришти (видео)

 

Муниципалитет эмен аралоочулары менен күрөшүү үчүн каражаттарды издөөдө 

Кечээ жакында Бишкек тургуну борборубуздагы дарактардын абалына даттанды. Facebook социалдык түйүнүндө видеодон бир кездеги жашыл жайнаган өсүмдүктөрдү көрсөтүү менен бөлүшту. 

«Дзержинка бульвары. Балдар аянтчасына дарактарды тиктик. Аларды сугарбагандыктан, кийин кургап калышты. Эмне үчүн ушундай ысыкта аларды сугарышпайт? Эмне үчүн  «Жашылдандыруу ишканасы» сугарышпайт? Дарактарды тиккенге канча күч жумшалды эле»,- дейт бишкектик аял жактырбаган түрдө.  

Vesti.kg сайты борбордук муниципалитетке абалды түшүндүрүп  беришин өтүнүп кайрылган. 

- Дарактарды сугарууга «Жашылдандыруу ишканасы» («Зеленстрой») жооп берет, - деп жооп берди мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев. - Биз күндөп-түндөп бактарды сугаруудабыз, бирок, кээ бир жерлерге жетишпей жатабыз. 

Бирок, дарактар, өзгөчө эмен дарагы, суу жетишпегенден саргарган жок. Эмен дарагы бир канча жылдан бери ооруп келе жатат. Эмен дарактары эменди аралоочулар деген курттардын көптүгүнөн саргарып кетүүдө. 

Биз өткөн жылы буга киришип, кээ бир дарактарга вакцинация жасаганбыз. Жакында биз Ташкентке барабыз. Адистер менен дарактарды дарылоо тууралу талкуу жасап, балким алардын тажрыйбасын алып келебиз. Аталган көйгөйдүн чечилиш жолдорун издейбиз. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх