Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин акимиаттарында жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүшөт 

Сөз, жер талаштарын чечүү жана тартип бузуулар боюнча жоопкерчилик, социалдык кызматтарга кайрылуу маселелери боюнча кайтарымсыз, акысыз  кеңеш берүү тууралу болууда

Акысыз юридикалык жардам борборлору Бишкектин төрт райондук администрацияларында ачылды. Бул тууралу борборубуздун мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

 Акимиаттар тарабынан сунушталган жайларда адвокаттар бекер юридикалык укуктук кеңештерди социалдык кызматтарга кайрылуу маселери боюнча, жер боюнча талаш маселелерди чечүү, жана ошондой эле түрдүү тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик маселелери боюнча беришет.

Мамлекет тарабынан кепилдикке ээ калкка кеңеш берүүчү - укуктук жардам борборлорун борборубуздун мэриясы БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУнун БКБ), КР юстиция министрлиги жана КР Адвокатурасы менен биргеликте ачышты. 

Бул муниципалитеттин адвокаттар биримдиги, юстиция министрлиги жана кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуу, коомдук тартипти камсыздоо, үй-бүлөлүк күч колдонуудан коргоо жана сактоо боюнча жарандык сектордогу өнөктөштөрү менен биргеликтеги аракеттерди бир арага келтирүү болуп саналат.

«Балдар менен аялдарды коргоо, ар бир адамдын коопсуз жашашы жана ар бир шаар тургунунун кызыкчылыгы жана мыйзамдуу укуктарынын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү Бишкек  шаарынын мэриясынын башкы милдети болуп саналат», - деп кабарлашты маалымат кызматынан.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх