Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МКК: Кыргызстандын аймактарынын жашоочулары үчүн чыгуу документтеринин баасы төмөндөдү 

Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары үчүн толук сумманы төлөөгө туура келет 

Жарандардын мобилдик топтор менен чыгуу документтеринин кызмат көрсөтүү баасы Кыргызстандын бардык аймактарынын жарандары үчүн пилоттук долбоордун алкагында 2019-жылдын аягына чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралу КР МККнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

995 сомдук кызмат көрсөтүү менен   Баткен, Джалал-Абад, Каракол, Кызыл-Кия, Нарын, Талас, Токмок, Узген шаарларынын жана Базар-Коргон, Сокулук жана Сузак айылдарынын жашоочулары пайдаланса болот. Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардын жашоочуларына баа мурдагыдай эле кала берет - ал 1 миң 616 сом.  

Баанын төмөндөшү документтештирүү процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана мындай кызматтарга элдин катышуусун кеңейтүү максатында багытталган. 

Кыргызстандын ар бир облусунда мобилдик калкты тейлөө Борборлору иштей баштады. 

Төмөндөгү категориядагы жарандарга кызматтар бекер көрсөтүлөт: 

- Улуу Ата Мекндик согуштун арадагерлерине; 

- карылар үйлөрүндө жашаган адамдарга;

- I (биринчи) топтогу майыптарга;

- жетимдерге жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына. 

Көчмө кызмат көрсөтүүгө кеңеш берүү, (16 жашка толгондо, жоголгондо) паспортту алмаштырууга документтерди кабыл алуу жана жасоо кирет. Даяр ID-картаны же жалпы жарандык паспортту бир гана дарек боюнча жеткиришет. Ошондой эле жашаган дарегин каттоо (каттоого алуу) жүргүзүлөт.

Кызматтар тууралу толук маалыматты алуу жана чыгууну документтештирүүгө арыз берүүнү МККнын  Call-борборуна 119 телефонуна чалып билсеңиздер болот (байланыштын бардык операторлорунан телефон чалуу бекер).

КР МККнын пресс-кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх