Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Активист: Башка бирөө менен өбүшүп жаткан ак калпакчан жигит, кылмыш жасаган жок 

Бирок, ошондой болсо да, депутаттар ачууланып, ал жасаган жорукка көңүлдөрү бузулду 

ЛГБТ - биримдигинин желегинин алдында эки эркек жаш жигиттин өбүшкөнү тартылган сүрөт кечээ жакында Түйүндө таркаган. Эгерде алардын биринин башында ак калпак болбосо, эч нерсе деле бомок эмес экен. Түйүндүн кыргызстан фрагментинин колдонуучулары массалык түрдө өздөрүнүн комментарийлеринде калпак кийген жигитти толтура ажаалданган билдирүүлөрү менен сынга алышты. 

«Улутту бузуп жатат, - деп жазды алардын бири. - Сенин ориентацияңдын мага кереги жок. Кай жерде жүрбөгүн, сен ак калпак кийбе! Мен Кыргызстанданмын жана кыргызмын деп сүйлөбө. Биздин жана сенин ата бабаларыңдын арбактары сени кечирбейт! Биз мусулманбыз! Мен жарыштарда жеңип, ошондо калпак кийген спортсмендерди билемин. Алар менен сыймыктанамын!».

«Ооба, биздин ата бабалар өздөрүнөн кийинки муундарды көрүп алып, көрлөрүндө үч жүз жолу оодарылышты, - деди башкасы. 

«Ал күчтүү жигит, ырым-жырымы жок, - деп каршы чыкты үчүнчүсү. - Бир бириңерге чыдамкай болгула. Эгер пикириңер бар болсо, керт башына жана кемсинткен кыйкырыктар менен  асылбастан, баарысын негиздеп айткыла».

«Эл пикирин билдирүүчүлөр» - депутаттар жана укук коргоочулар - да жаш жигиттин жасаган кадамына ар түрдүү карашат. 

- Кыргыз эли  XXI - кылымга чейин өзүнүн салт-санаасын жана үрп - адатын сактап келишти, - деп баса белгиледи Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө Жылдызкан Жолдошева.  - Биздин ата - бабалар бизге улуу мурас калтырышты. Биздин улуттук кийимдер кыргыз эли үчүн өзгөчө баалуулуктарга ээ. Кыргыз калпагыбы же казактынбы, маанилүү эмес. Бул деген улуттук баш кийим. Бул туура эмес жорук, сөзсүз, бизди капалантат.

Жылдызкан Айтибаевна, жаш жигиттин бул жоругу, Орто Азия элдерине сый урматынын жана өзүндөгү  тарбиянын жоктугун айтып турат деп кошумчалады. 

- Айтышат ко, салттуу ориентацияда болбогон адам оорулуу, - деп билдирди ал. - Андыктан, оорулу адамга капа болуунун, көңүлүндү бузуунун кереги жок. Бул деген жалпы кабыл алынган адамдык ченемдерден оолактоо дегендик.  

ЖК депутаты Бахадыр Сулейманов бул жаш жигит коомчулуктун көңүлүн атайын бурдуруп жатат деп эсептейт.

- Кааласак да, каалабасак да ушундай тенденция жүрүп жатат, - деди парламентарий  Vesti.kg сайтына. - Элдер туура ачууланышууда. Бизде Азиянын менталитети. Мындай жасаган болбойт. Бардык убак айтып келемин, адамдын ориентациясы боюнча бир нерселерди ачык айтканга жарабайт. Ар бир адам өзүнө энчиленген нерселери менен болушу керек. Ал эми, анын улуттук баш кийим кийип турушу, өтө начар. 

Ал арада активист Мира Токушева жаш жигитти колдоду. 

- Сүрөттү көрдүм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Калпакты ар бир адам сатып алса болот, ал бардык жерде сатылат. Улуттук кийимдерге басым жасаган адамдарды түшүнбөймүн. Тескери комментарий жазган адамдардын аракети түшүнүксүз. адам байпак да кийсе болот. Эмне үчүн андан байпагын, шортун чечсин деп айтышпайт, а калпакты айтышат? Коомчулуктун пикири боюнча, бул эркек кишинин буюму, ошондуктан, ушуну көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Менимче, бул патриархалдык көз караш.  

Андан тышкары, активист сүрөттөгү жигит менен таанышмын жана ал жигит таланттуу жана харизматик адам экендигин  белгиледи. 

- Бул жаш жигит - менин досум, активист, - деди Токушева. - Ал бул парадда кыргызстандагы БГТЛ - адамдардын көрүнүшүн бергиси келген. Ал кылмыш жасаган жок. Элдер аны билбестен, «кийими боюнча» баа берип жатышат. Мен аны менен сыймыктанамын. Мен деле калпак кийип алып бир кыз менен өбүшө аламын, эмне болуптур? Эмне үчүн болбойт? Ал эми жаш жигиттин ориентациясы боюнча анын өзүнөн сураш керек. Элдерге боорукердик жана тегерегиндеги адамдарга чыдамкайлык каалаймын. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх