Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Bishkek Park мейманканасынын гендиректору кыргыз элинен кечирим сурады»

Мейманканада чуу чыгарган кыргыз жигит, мейманкананын жетекчиси жана кызматкерлери күнөөлөрүн мойнуна алышып, кечирим сурагындыгын айтып берди

«Bishkek Park мейманканасынын гендиректору өз катасын мойнуна алды жана кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралу өткөн жумада компаниянын мейманканасында чуу чыгарган кыргызстандык Абдулбасит Давлат өзүнүн Facebookтагы баракчасында билдирди.

«Урматтуу мекендештер! «Бишкек парк» мейманканасындагы 17-июлда болуп өткөн абалдан кийин, көпчүлүктүн  мени колдогону аябай кубантты. Бул деген биздин бекем биримдикте экенибизди билдирет. Бул менин гана жумушум эмес, бул коомчулугубуздун баарынын жумушу.    

Бүгүн мен Бишкек ИИББнын жетекчилигинин коштоосунда «Бишкек парк» мейманканасынын генералдык директору Хусаметтин Йылмаз менен жолуктум. 

Ал өзүнүн түшүнүк катын, алар тараптан өтө чоң ката кетирилгендигин мойнуна алып жазып берди.  Мейманкананын генералдык директору мамлекеттик органдын жетекчисинин алдында өзүнүн жана өзүнүн тейлөө кызматкерлеринин атынан кыргыз элинен кечирим сурады. 

Урматтуу мекендештер! Өз күнөөсун мойнуна алган тарап, кечирим сурады. Биздин элибиздин биримдиги жана гармониялуу жашоосу үчүн бири - бирибизге кечиримдүү бололу», - деп жазды ал.

здесь будет скрин его поста

Белгилеп коюу керек, Bishkek Park мейманканасынын жетекчилиги бир нече күн мурда болгон окуяга байланыштуу расмий комментарий таркаткан. Анда Абдулбасит Давлат билдиргенден такыр башкача айтылат:

«Биз, жетекчилик катары, болуп өткөн окуяга байланыштуу болгон чындыкты айтып жана ачыгын айталы дедик, - деп айтылат анда. 

Андан ары жетекчиликтен, ал киши бир канча жолу мейманканага келгендигин, жана мейманкана номерлери канчадан экендигин сурап эркин расмий - орус тилинде кайрылган.  

Бир канча күндөн кийин, 2019-жылдын 17-июлунда  Абдулбасит Давлат кайрадан келип, сөгүнүп, аны менен мамлекеттик-кыргыз тилинде гана сүйлөшкөндү талап кылган. Мейманкананын кызматкеринин  жакында эле Кыргызстанга келгенмин, мамлекеттик тилде сүйлөй албаймын деген түшүндүрүүсү ага таасир эткен эмес. Ал кыз болсо, абалды оорлотпой, коопсуздук кызматкерлерин чакырган.  «Кийинчерээк, аталган жаран кайрадан биздин кызматкерлер менен байланышып, анын мамлекеттик тилде керектүү жоопту алалбагандыгы тууралу социалдык түйүндө жайгаштырылган видеожазуудан көрүнүп турат, - дешти мейманкананын жетекчилигинен. - Бирок, аталган видеороликтин автору, аны кыргыз тилинде сүйлөшө турган кызматкер менен байланыштырабыз деген жерин атайын кесип салып, роликке жайгаштырган эмес».

Bishkek Park мейманканасынан, компанияда мамлекеттик тилди колдонууга тыюу салуу тууралу эч кандай ички жобо жок экендигин белгилешти. 

«Биздин компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактаган ишкердикти жүргүзүүнүн үлгүсү катары саналат, жана ишкердик этикетти андан да так сактайбыз, - деп ишендиришти ал жактан. - Биз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин катышуусу  менен биргеликте бир канча жолу мамлекеттик тилди жайылтуу жана аны өнүктүрүү багытында Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комитет менен жалпы билим берүү иш-чараларын уюштурганбыз».

Эске салсак, 17 - июлда  Абдулбасит Давлат социалдык түйүндө борборубуздагы Bishkek Park мейманканасында «кыргыз тилинде сүйлөгөнгө тыюу салышты» деп жазган. 

- Анын өз эне тилинде сүйлөгөнгө тыюу салды дегени - алжыгандык, - деп ишендирди Vesti.kg сайтына жарнама бөлүмүнүн башчысы Батма Казакбаева. - Биздеги кызматкерлердин 95% - кыргыздар, алар түрктөр кменен кыргызча сүйлөшүшөт. А Валентина - молдованын кызы, ал эки ай мурда Кыргызстанга келген жана кыргыз тилин үйрөнө элек. Биз аны ишке алганыбыздын себеби, ал беш тилде эркин сүйлөйт. Ал тараптан эч кандай оройлук болгон эмес. Тескерисинче, ал киши сөгүнүп, териштирбестен эле: «Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүң?» деп сурай баштаган. Ал үчүн биз уялып жатабыз. 

 

Алина Ормонова 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх