Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Мамакеевдин клиникасынын кире беришинде «ириңдеп кеткен буту менен»  жаткан кишини жакшы билишет (видео)

Ал жерден, бул киши аео сезимин чакыруу менен арак ичүүгө акча табат дешти 

Борборубуздагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун тепкичтеринде буту ириңдеп кеткен адам жатат. Көргөн адамдын айтымында, ал адамдын  ириңдеген жеринде курттар жайнайт. Ал муну видеого тартып алып, Түйүндө бөлүшкөн. 

«Видеодон көрүңүздөр, жашай турган жери жок адамдын буту ириңдеп кеткен, -деп айтты ал. - Мамакеев клиникасынын тепкичинде жатат. Аны тирүүлөй курттар жеп жатышат, көчөдө болсо температура +40. Ал адам эки-үч күндө өлөт. Эмнеге врач-хирургдар ушунчалык таш боор болуп калышкан. Ар бир хирург операциядан кийин жакшы эле акча табышат го, тапкандарынын суммасы жетишерлик десек болот… Ал адамга бекер эле жардам көрсөтүшсө болмок. Же бардыгын акча чечеби? А адамгерчилик, кайгы тартуу кайда?».

Facebookтун башка колдонуучуларын да адистердин аракет жасабаганы ачуулантты. Бирок, Саламаттык сактоо министрлигинде врачтарды коргоп чыгышты. 

- Бул адам 41 жашта, - дешти Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат кызматынан. - Анын чындыгында эле туруктуу жашаган жери жок жана бешинчи жолу ушул ооруканада жатат. Башка дарылангандар кийин жактырбай коюшпасын деп, ага өзүнчө палата бөлдүрүп жаткызышкан . 

Мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, клиникадагылар бул адамды өтө жакшы таанышат. 

- Ал ичип алат жана ооруканага алкоголдун кезектеги порциясын алууга, адамдардын аео сезимин козгоп каражат табуу үчүн келет, - деп айтышты министрликтен. - Анын бутундагы жарада эч кандай курт болгон эмес. Акча табуу үчүн ал атайын жарасын чукулап, кайра келе берет. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх