Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түйүндүн колдонуучулары мэрияны Эркиндик бульварындагы чоюн шам чырактарын уурдап кетишти деп күнөөлөштү 

Борборубуздун муниципалитетинде мамыларды кайра коебуз деп убуда беришти 

Мэрияны Эркиндик бульварындагы чоюн шам чырактардын мамылары менен уурдады деп күнөөлөштү. Бул тууралу өзүнүн сындаган пикирин  Facebook колдонуучусу Рэсэс Кеджиев билдирген. 

«Мэрия Дзержинккадан (учурда Эркиндик) өзгөчө баалуу чоюн шам чырактарды баары бир  [уурдап кетти], - деп жазды ал. - Анын ордуна «адамдар, силерди жек көрөмүн» деген стилдеги кадимки жалтырак калай жезден жасалган мамыларды орнотушту.  

Иштин баары, бир канча ай мурда мэриянын кызматкерлери мурдагы Дзержинский бульварындагы (учурда Эркиндик) орнотулган шам чырак мамыларын «оңдоо үчүн» чыгарып кетишкен. Аларды азыркыга чейин ордуна коюшкан эмес.

Көпчүлүк колдонуучулар,муниципалитеттин колдонгон усулдарына кыжырлары кайнап,  пост койгон автор менен тилектештигин билдиришти. 

Колдонуучулардын бири мамылардын оймолонгон бөлүгү чоюндун завод шарттарында жогорку сапаттагы катыштырылган түрдө эритилип жасалгалангандыгын белгилеген. 

«Жогорку сапаттагы катыштырылган түрдөгү эритилген чоюн никель, жез, хром, марганец жана алюминийдин кошулмаларын өзүнө камтыйт. Анын өзгөчө жогорку пайдалануу касиеттери, ысыкка чыдамдуулугу, чирибей тургандыгы, көпкө чыдагандыгы, суукка чыдамкайлыгы жана дагы башка өзгөчөлүктөрү менен айырмалангандыгы бар, - деп көрсөттү ошол эле Рэсэс Кеджиев. - Мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова болсо эскилери чирип кетти деди. Аябай шектүү көрүнөт, эскилерине карап көрсөк болобу?»

Абал Бишкектин мазмунуна жараша түзүлгөндүгүнө жарандар макул болушкансып калышты. 

Мында эскертип койгонубуз туура болчудай, мамлекеттик тарых музейинин имаратынан чыгарып алышып, оңдоо маалында ордуна «сары таш» менен алмаштырышкандан кийин мэриянын кампасынан гранит жана мармарлардын жоголуп кеткендиги эске түшөт. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал плиталардын бир бөлүгү таасирдүү кишилердин үйлөрүн жасалгалоого кетсе, калган бөлүгүн сатып жиберишкен. 

«Эми ал шам чырактарды өздөрүнүн заңкайган үйлөрүнүн жана дачаларынын алдына коюшат», - деп боолголоду колдонуучу Сауле Усупова.

«Түбөлүктүүнүн баары үйлөрүнүн короосуна, убактылуулардын жана арзан баадагылардын бардыгы шаарга! Оңдоп-түзөп кайра койсо болбойт бекен!», - деп макул болду Манас Боркеев.

Ал арада мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев Vesti.kg сайтына, шам чырактардын мамыларын чындыгында эле оңдоп-түзөөгө алып кетишкендигин айтты. Анын айтымында, 10 күндүн ичинде жаңыланган түрдө ордуна орнотушат. 

- Мен «Жашылдандыруу» мекемесинин кызматкерлеринен сурадым, эски шам чырактар кай жерде жана эмне үчүн чыгарып кеткенсиңер, - деп түшүндүрдү Түлөбаев. - Алар мага шам чырактардын астыңкы бөлүгү чириген жана  дат басып калган деп айтышты. Өтө жакында, 10 күн ичинде, оңдоп-түзөөлөрдү бүтүрөбүз жана кайра ордуларына орнотобуз. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх