Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Секис хочис»: Белгисиз адам «13 жаштагы Алинага» интим сунуштаган (фото и видео)

Жаш жигит «кыздын» бир канча жолу жаш өзгөчөлүгү жөнүндө эскерткендигине карабастан, интимдик мүнөздөгү сүрөтүн көшөрүп кайра-кайра сурай берген 

Vesti.kg сайтынын окурманы WhatsApp боюнча акидей асылууга тушуккан. Бирок, белгисиз адамдын жылып келиши таң калыштуу абалга кептелген жаш жигитке эмес, башында тамаша иретинде өзүн тааныштырган «13 жаштагы Алинага» багытталган...

Иштин баары, кыргызстандык телефон  номери менен белгисиз адам WhatsApp боюнча жаш жигитке жазганынан башталган. Белгилеп коюшубуз керек,  аватарда окурмандын сүрөтү болгон эмес. Саламдашкандан кийин шыр эле, бейтааныш адам адресатка секс билдирүүсүн сунуштаган. 

Vesti.kg сайтынын тамашага баткан окурманы, сүйүүнү түз издеген адамды коркутуп коюуну чечкен жана «ал» Алина аттуу кызмын, бирок, болгону 13 жаштамын  жооп деп берген.

Жаш жигиттин таң калганына карабастан, бейтаанышты бул эч кандай чочуткан эмес. Ал жолугуу суранычын токтоткон эмес. Бир канча аудиобилдирүүдөн кийин ал адам гениталийдин сүрөтүн жөнөтүп, ошол эле ракурста жооп кылып селфи түрүндө жөнөтүүнү талап кылган.

«Мен сизге жөнөтө албаймын, мен кичинекеймин», - деп жооп берген «Алина».

Бул бейтаанышты бир аз шаштырып жиберген. Жигиттин телефонуна тынбаган чалуулар менен аудиобилдирүүлөр сүрөтүңдү жөнөт жана жооп бер деген мааниде келе баштаган. Ал адресат качан билдирүүлөргө көңүл бурбай койгон чакта да, ага чалып жана жазуусун уланта берген. 

Vesti.kg сайты кыргызстандыктарга  онлайн-мейкиндиктеги коопсуздук чаралары тууралу айтуу керектигин жана эч качан ушундай адамдар менен байланышка барбаганга аракет жасаш керектигин эсиңиздерге салат. 

Дагы эске сала кете турган нерсе, КР ККнин 16-беренесине ылайык, он алты жашка чейинки кыздар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жана жыныстык катнашуу жети жарым жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. 165-беренеде болсо, он алты жашка толбогон адамдарга күч колдонбостон «бузукучулук аракеттерге» баруу беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратылат. 

Эльдос Казыбеков

Фото Vesti.kg



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх