Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Словакиядан келген турист: Кыргызстанда мен өзүмдү жаннатта жүргөндөй сездим  

Ольга Майзлан Ысык-Көлдөн алган таасирлери менен жана ал жакта, кыргызстандыктар аны канчалык жылуу тосуп алгандыгы тууралу бөлүштү

Кыргызстан туристерди өзунө тартып турат. Бул тууралу аткаминерлер гана эмес, дагы бир башка факты да айтып турат, жыл сайын өлкөбүзгө дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген коноктор келип турушат.

Словакиядан келген Ольга Майзлан Кыргызстанда болгону 4 эле күн өткөрдү, бирок, бул күндөрдө ал тоолуу өлкөбүздүн суулулугуна гана суктанбастан, жергиликтүү элдин меймандостугу менен боорукерлигине да аябай таң калды. 

Ал кыз Кыргызстанга болгон чакан саякаты тууралу ойлору менен Vesti.kg сайтына бөлүштү. 

- Кыргызстанда мен болгону 4 күн болдум, - деп мойнуна алды ал. - Бул менин Борбордук Азияга  болгон алгачкы сапарым эле. Сизге чынын айтайынбы - мага укмуш сонун таасирлерди берди. Мен Азияны сүйүп калдым. Үйүмө келгенден кийин гана түшүндүм, мага ал убакыт өтө аздык кылган экен. Эгер мен дагы бир жолу ал жакка жол тартсам, эң азындан бир жумага барамын.

Ольга өзүнүн бир күнүн Бишкекте достору менен өткөргөн, андан кийин жалпы Ысык-Көлгө жөнөшкөн. Жаштар үч күн бою Тамчы деген кичинекей айылда болушкан. 

- Элдери эсимде калды, ушунчалык адамга жакын, меймандос, сыйлуу, бул чек араны өткөнүмдөн кийин эле көзгө көрүнүп, байкалды, - деди жаш кыз. - Такси айдагандар, магазиндердеги сатуучулар, маршруткалардагы жөнөкөй эле адамдар… бардык жерде боорукердик сезилип жатты.

Майзлан досторунун тааныштарыныкында жашады. Аны бейтааныш адамдын өзүнүн бир тууганындай же эң жакын досу сымал тосуп алганы эсин оодарды:  келиши менен дасторконго олтургузуп, палоо даярдап, чай сунду. Бир саат өтүп-өтпөй, эски тааныштардый аңгемелешип олтурушту.

- Ушунчалык чын дилден болду, - деди таңкалган кыз. - Ушундай бир сезимде болдум, биздин келишибизди алдын ала билбесе да, сени эле күтүп тургандай сезилди. 

Биздин өлкөбүздүн табияты тууралу Ольга  өзгөчө белгиледи.  

- Тоолордун мындай айтып бүткүс сулуулугун өмүрүмдө көргөн эмесмин, - деп ишендирет ал. - Түнкүсүн Ысык-Көлдүн шарпылдагы деңиздин шарпылдагындай болот экен. Бул мага өзгөчө күтүүсүздүк болду.  Мени бул жакка узаткан казактар айтышты эле, көлдөгү суунун магиялык касиети бар деп, көлгө киргенде, сөзсүз, башың менен сууга чумкугушуң керек дешкен. Мүмкүн, бул жомоктур, бирок, баары бир анда сыйкырдуу бирдеме бар. 

Майзланды кыргыз ашканасы өзүнө арбап алды. Европада вегетиран ашканасы модада, бирок, анын оюнда,  «ал анын жомогу эмес» болчу, ошондуктан ал өзүн жаннатта жүргөндөй сезди. 

- Азыр да эсимде, Тамчыда жергиликтүү эл менен түнкү саат экиде кой этинен шиш кебек жегенбиз, - деп күлөт ал кыз. - Укмуш сонун болгон. 

Достору Кыргызстан жөнүндө айтып беришкен, бирок, ал кеңири маалымат ала алган эмес. Үйүнө кайтып келгенден кийин гана, ал өз алдынча үйрөнүүнү туура көрдү, биздин өлкө тууралу көп окуп, анан, сөзсүз кайра барып келемин деген ойго келген. 

- Мен бардык досторума жана жакындарыма Кыргызстанга барып келүүнү сунуштадым, андан да, мен айтып бергенден кийин, алар бардыгын өз көздөрү менен көргөндү каалагандыктары көрүнүп турду, - деди ал. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх