Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Минералдык суунун кирешелүү булагын Ысык-Көлдө жапканы жатышат. Буга кимдир - бирөөлөр суук колун салып жатабы? (видео)

Ысык-Көл районунун акими, ишкананын лицензиясын алып коюшту дейт. Ал булактын жабылышы, анын жанындагы, дагы эки булакка иштерин жандантууга мүмкүнчүлүк берет

Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Керемет-Суу»  минералдык суусун жаап жатышат. Ошол эле булак чыккан скважинадагы   «Дельфин» жана «Билал» иштебей турат. Буга байланыштуу Vesti.kg сайтынын окурмандары арызданышкан. 

2019-жылдын  25-июлунда ал жерге атайын техника келип, бош турган бассейндерди казып киришкен. 

- Ишкана бир жумадан бери иштебей турат, - деди видеонун автору. - Атайын техникалардын жардамы менен бассейндерди сындыра алышпай, азыр көмүп жатышат. Даяр курулуштарды бузуп башташты. Айыл өкмөтү олтуруп алып, бардыгын көзөмөлдөп жатат. Көп адамдар жумушсуз калышты: таксистер, ижарачылар, жергиликтүү мейманкана, ал эми районубуз болсо - көзгө урунарлык атактуулугунан ажырап олтурат. Анын жанында жайгашкан «Дельфин» жана  «Билал» точкаларына да кулпу салынган. «Суу жок» - деген жазуу дубалында илинип турат.

Чындыгында, бул такыр андай эмес: минералдык суу бар, бирок, азыр суу чуңкурга агып жатат. Ошондуктан, иштин көзүн билген ишкерлер арыктагы суудан түтүк тартып келишип, алыс эмес жердеги пластик бассейндерди суу менен толтуруп алышкан.

- Туризм тармагындагы абалыбыз ушундай, - деп мыскылдайт видеонун автору. Минералдык суу, дарылыгы бар булак. Элдер көптөн бери ушул жерге келишет. Эми болсо, чет элдиктер келишип, айтышат: «ах, бул кандай тейлөө!» - деп. Мамлекетибиз туризмдин өнүгүшүнө ушундай жардам берип жатат. 

Жергиликтүү айылдыктардын айтымында, Керемет-Суу булагы ижарачыларга жакшы эле киреше берет, бирок, бир канча жыл мурда ишкананы жапканга аракет кылышкан - тартип бузууларга чейин жеткен. Ушул сезондун башталышында, бир канча күнгө чейин жабылып турган. Элдер, кирешелүү булакка жогорку даражалуу аткаминерлердин бири  «беш бармагын» салгысы келип жаткандыктарынан күмөнү жок экендиктерин айтышат. 

Бирок, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жергиликтүү калктын шектенүүлөрүн четке кагат. Анын Vesti.kg сайтына түшундүргөнунө караганда, ошол булактын ээлери, жакында, кайрадан скважина менен иштей башташат. 

- Керемет-Суу булагына үч лицензия каралган, орточо 350-370 куб суу менен, - деди ал. - Ал жерде азыр деле үч ишкер иштеп жатышат: «Керемет-Суу» - агымдын эң үстүндө жайгашкан, андан тышкары, «Дельфин» жана  «Билал». «Керемет-Суудан» лицензиясын кайра чакыртып алышкан, алар жерди айыл-чарба иштери үчүн алышкан экен. Ошондуктан, алар сууну бекитип салышкан, анын ичинде кошуналарыкын да. Кошуналары ошол үчүн иштебей турушат. 

Соттун чечимиине ылайык, «Керемет-Суу» ишмердүүлүгүнө жараша жер бөлүгүн тартипке келтириши керек, же болбосо, жерди трансформациялоо керек. Жана, албетте, «Дельфин» жана  «Билалга» сууну колдонуу үчүн сервитутту бериши керек. Эгер он күн ичинде «Керемет-Суу» бул ишканаларга сууну беришпесе, сот аткаруучулар күч менен сууну аталган ишканаларга агызып беришет, - деп түшүндүрдү Иманалиев.

Азырынча, суу өзүнөн-өзү агып жатат, жана пластик бассейндерди, тыюу салууга карабастан толтуруп жатышат. 

Ошол эле учурда, акимдин айтымында,  «Керемет-Суунун» кожоюну жер тилкесинин трансформациясы менен алектенүүнү оюна да ала элек. - Аларга жаза салышты, бирок, алар өз каалоолору менен түшүнүк кат жазышкан, жана бассейнди көмүп салууга жардам беребиз дешип Мамлекеттик экотехинспекциядан суранышкан, - дейт Ысык-Көл районунун башчысы. – Иштин баары, алыс эмес жерде алардын дагы бир жер тилкеси бар, жана анын максаттуу багыты курулуш жасоого мүмкүндүк берет. Биздин божомолго караганда, сууну алар ошол тарапка которушат. 

Данир Иманалиев «Керемет-Суу» менен «Дельфин» жана «Билалдын» араздашуусу бир эле жолу болуп жаткан жок - биринчиси сууну жаап койгондуктан, калган экөө дайыма чыгаша тартып келе жатышат деп белгиледи. 

- Жергиликтүү бийликтер, бардыгын укуктук  талаада чечилишин каалагандыктан, бул араздашууну кармап турушат, - деп ишендирет ал. - Эгер бул ишкерлер өз ара чечишип алышса, өтө жакшы болмок.

Ольга Федорчук

Вероника Малышева

Видео Vesti.kg

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх