Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек - Балыкчы темир жолу авариялык абалда (фото)

«Кыргыз темир жолудан» жолдорду оңдоо жана көзөмөлдөө канчалык тез болуп турарын айтып беришти 

Бишкек - Балыкчы темир жолунда рельстердеги жоон мыктар «аягына чейин кагылбай»,  10-12 сантиметрге чейин сороюп чыгып турат. Бул тууралу Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Рустам Нарматов кабарлады. 

Кыргызстандык бул абал составдын рельстерден чыгып кетишине өбөлгө түзбөйбү деп кооптонот

«Кыргыз темир жолу» МИнан, өз кезегинде жаранды тынчсыздандырышыты: ал жактан жарыяланган кадрдагы жоон мыктар нормага ылайык кагылып, бузуулар жок экендигине ишендиришти. 

Мекеменин маалымат катчысы Эркинбек Каимов Vesti.kg сайтына жолдорду карап чыгуу жана оңдоо иштери күн сайын жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрдү. 

- Бизде эки түрдөгү оңдоо иштери бар, - деди ал. - Биринчиси күн сайын жүргүзүлөт. Же болбосо, темир жолдун аныкталган бөлүктөрү 10-15 кишиден турган бригадаларга бөлүнгөн, жана алар күн сайын жолду карап чыгышат жана керектүү иштерди жүргүзүшөт. 

Ошондой эле  Каимов, 2019 - жылы Боом капчыгайындагы темир жолдун  3 километр 600 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөндүгүн кошумчалады. 

- Быйылкы мезгилдин аягына чейин дагы 7 километр жолду оңдошот, - деп белгиледи маалымат катчы. - Жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу, ал жерде, тилекке каршы, качан жана кай жерден тартылганы көрсөтүлбөптүр. 

Адистер түшүндүргөндөй, ал жерде каптагыч жоон мыктар сүрөткө тартылган, алар норма боюнча ошондой эле кагылышы керек. Бирок, ошого карабастан, жарыяланган фактыга байланыштуу бригадаларга дагы бир жолу темир жолду карап, көзөмөлдөп чыгуу тапшырылган. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх