Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада дүйнөлүк чемпионатта күйөрмандарды машинеси менен уруп кеткен кыргызстандык мекенине кайтып келди (видео) 

Чынгыз Анарбек уулу сот процесси учурунда колдоо көрсөткөн жана жардам беришкен мекендештерине ыраазычылык билдирди

2018-жылы өткөрүлгөн Москвадагы дүйнөлүк чемпионат учурунда футбол ышкыбоздорун машинеси менен салдырып кеткен кыргызстандык таксист Чынгыз Анарбек уулу Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына  «Замандаш» саясий партиясынан кабарлашты. 

- Чынгыз өз мекенине биротоло кайтып келди, - деп маалымат беришти ал жактан. 

Ал эми кыргызстандык өз кезегинде, ал ЖТК  болгондо жана ал камакка тушкөндө жардам көрсөткөн саясатчылар менен мекендештерине ыраазычылык билдирди.

Ыраазычылык сөздөрүн Чынгыз Анарбек уулунун энеси да айтып өттү. 

Эсиңиздерге салып кетсек, резонанстуу ЖТК 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында болгон. Таксист  автомобилди башкара албай калып, футбол ышкыбоздору турган топту сүзгөн. Алардын көпчүлүгү жаракат алышкан, кээ бирөөлөрү оор жаракатка кептелишкен. Ошондо, окуя болордон мурда Чынгыз бир сутка бою уктаган эместиги жөнүндө кабарлашкан. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх