Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Авариялык рельстердин сүрөттөрү  «Кыргыз темир жолу» ишканасын каралоо үчүн жарыяланганбы?

Сүрөттөрдү жарыялаган адам, эч кандай андай максатты көздөбөгөндүгүнө ишендирди 

Бишкек - Балыкчы темир жолундагы рельстерде жоон мыктардын толук кагылбай калган сүрөттөрүнүн Түйүндө жарыяланышы, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын каралоо максатында жасалган. Бул тууралу мекеменин маалымат катчылыгы билдирди. 

Ишкананын билдирүүсүндө, 148-кыдырма жолдун Кыямат-Күркөл өтүүчү  бөлүгүндө 3828 -3829 - километрлеринде ушул жылдын июль айында толугу менен жаңы темир бетон шпалдары жана Р65ке Р43 рельстери орнотулган. Же болбосо, бүгүнкү күнгө аталган бөлүктөгү темир жолу бардык стандарттар менен талаптарга ылайык келет.  

- «Кыргыз темир жолу» Улуттук корпорациясы» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы, Facebook колдонуучусу Рустам Нурматовдун билдирүүсү фейк катарында, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын каралоо максатында жайгаштырылган, - деп билдирди. - Кайдан тартылганы белгисиз көрсөтүлгөн сүрөттөрдө ал жолдун жайгашкан жери жана тартылган убактысы көрсөтүлгөн эмес. 

Vesti.kg сайты сүрөттөрдүн автору Рустам Нурматов менен байланышканда, ал өз кезегинде, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын каралоо максаты оюна да келбегендигин түшүндүргөн.

- Сүрөттөр өткөн жумада бешинчи күнү тартылган, - деп кабарлады ал. - Биз досторубуз менен Ысык-Көлгө жөнөгөнбүз, жолдо Боом капчыгайында сүрөткө түшүү үчүн токтогонбуз. Досторубуздун бири, мен сыяктуу эле - инженер, ошентип ал сороюп чыгып турган мыктарды көрүп калып, ал мыктар мындай кагылбашы керек, аягына чейин кагылышы керек деди. Сүрөттөрдү жарыялап жатып, мен эч кандай бирөөнү каралоо максатын койгон эмесмин, ошол эле учурда жаран катары жөн эле өтүп кете албадым. 

Эске салсак, ал сүрөттөр жакында эле жарыяланган болчу. Мурдараак, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жарыяланган сүрөттөр боюнча темир жолунун көрсөтүлгөн бөлүгүндө дагы бир жолу кыдырып чыгышат деп билдиришкен. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www  





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх