Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аттестаттардагы каталар менен болгон ызы-чуу: «Учкун» мамлекеттик ишканасынын директорунун күнөөсү барбы? 

Учурда типографиянын бир канча катардагы кызматкерлерин кызматтан кетиришкен, бирок, көпчүлүк муну жетишээрлик эмес деп эсептешет 

Кыргыз мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттары менен дипломдорундагы каталар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дарегине гана эмес,  документтерди басып чыгарган «Учкун» басмаканасына да сын пикирлерди жамгырдай төктү. 

Ишкананын директору Даир Кенекеев, үч корректор жумуштан бошотулганын жана дагы үч кызматкерге жумуштун ички регламентин бузгандыгы үчүн сөгүш алгандыгын билдирген. 

Басмаканадан бардык жарактан чыккан документтерди кайра басып чыгарып жатышкандыгына ишендиришкен. Бирок, бул аракеттер коомдогу бул көйгөйлөр тууралу талкууну токтоткон жок.

Болуп өткөн окуяда, кызматтан кеткен жана жазага тартылган катардагы кызматкерлер эле күнөөлүү болбостон, ишкананын директору - Даир Кенекеевдин да күнөөлүү дегендей пикирлер чыгып жатат. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына бул тууралу өзүнүн көз караштары менен бөлүштү. 

- Иштин баары өз милдетине кайдыгер караган кызматкерлерде, - деп эсептейт ал. - Алардын артынан жетекчиси көзөмөлдөшү керек. Бир нерсени тиражга кое берүүнүн алдында, кандай гана басмаканада болбосун, макулдашуу процедураларын өткөрүшөт. Буюртмачы басууга уруксат берген колун коюп бериши керек. Менин оюмча, бул процедуралар так аткарылбай келет. Мен өзүм деле басмалар менен иштешем, жана басуу иштеринде ката кетпей коюшу мүмкүн эмес. Word форматында бир тексти берсең, басылгандан кийин, же сөздөр бийлей баштайт, же абзацтар алмашат, кээде шрифтер туура келбей калат. Ошондуктан, буюртмачы басмаканадан келген ишти көңүл буруп карап чыгышы өтө керек. Мүмкүн, жогорку окуу жайлары акыркы вариантты карашпайт, а басмакананын кызматкерлерине буюртмачыга барып көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Жалпысынан, эки тараптын да күнөөлөрү бар. 

Ал советтик мезгил болгондо, ушундай каталар үчүн аткаруучуларды да, буюртмачыларды да камап жибергенге чейин барышчу деп айтты.

Кайрат Медербекович, кээ бир кызматкерлердин кайдыгерлиги, жалпы мамлекеттик басмакананын репутациясын бузгандыгын басып көрсөттү. 

- Басмакананын жетекчилигин кошкондо, эч ким,  эч кандай катуу жазаланган эмес, -деп белгиледи ал. - А зыянды болсо, «Учкун» МИнын резервдеринин эсебинен жабышат, себеби, мага белгилүү болгондой, дипломдорду кайра басууну алар өздөрүнүн эсебинен жасашат. Кургак калдыкта бюджетке зыян келтирүү жана жоопкерсиздик, мамлекеттик басмакананын бузулган репутациясы гана бар. 

Кенекеев жумуштун ушундай кичинекей бир бөлүгүндө ишти тартипке келтире албайт, анан кызматтан кетүү анын оюнда да болбосо керек. Бул майлуу жер, бирок, ал жерде эч кандай менеджмент жок, себеп дегенде, мамлекет аларга буюртмаларды ыргытып, кармап турат. 

Бирок, бул ишкана ушул потенциалы менен дотацияланган эмес, кирешелүү ишкана болушу керек эле. Ошондуктан, «Учкундун» менеджментине майлуу «эки» коемун жана башкы менеджер Даир Кенекеев, Таласты жетектеп туруп, шайлоолор учурунда өтө ыгы менен жалакорлонгону болбосо, мага эч нерсеси менен эсимде калган эмес. Көрүнүп тургандай, ага  «устукан» түрүндө ушул ишкананы беришкен окшойт. Анан дагы, ММБФнун жетекчиси катары да көзгө көрүнгөн бирдемелерди жасаган эмес. 

«Учкун» МИнын директору комментарийлер үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

 

Фото www  

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх