Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Укук коргоочу алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн сүрөттөрүн жарыялаганга каршы

Бирок, балдар укугун коргоо тармагындагы эксперт демилгени колдойт: бул ажырашкан ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатышы керек

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жакында ата-энелик милдеттерин аткарбай качып жүргөн «алимент төлөбөгөндөрдүн» сүрөттөрүн  жана алар тууралу маалыматтарды ыйгарымдуу органдын сайтына жарыялаганга уруксат берген мыйзамга кол койду. 

Тагыраак айтканда, маалымат базасы Кыргыз Республикасынын Соттор департаментинин сайтында түзүлөт деп документте көрсөтүлгөн. Эгерде алиментти такыр төлөбөстөн издөөдө болуп, качып жүргөн болсо, анда анын маалыматтары сайтта пайда болот. Эгерде пайда болуп, алиментти төлөй баштаса маалыматты алып салышат.

«Балдар укугун коргоо Лигасы» коомдук фондунун директору Назгул Турдубекова Vesti.kg сайтына бул демилгени колдоймун деп түшүндүрдү. Анын айтымында, алимент төлөөдөн такыр качып жүргөндөрдүн саны мүмкүн кыскарат.  

- Бул ата-эненин жоопкерчилигин көтөргөн жакшы чара, - деди укук коргоочу. - Үй-бүлө куруунун алдында атасы, бул кадамынын өтө жоопкерчиликтүү экендигин сезиши жана түшүнүшү зарыл. Балдар социалдык - экономикалык колдоо алып турушу үчүн, бул өтө жакшы сүрөөн болуп эсептелет. 

Бирок, укук коргоочу Галина Васильева коомдук мейкиндикте сүрөттөрдүн жарыяланышына каршы чыкты. Анын пикиринде, алимент төлөбөй койгон адам тууралу Сот департаментинин сайтында маалыматтын эле жарыяланганы жетиштүү. 

- Кээде болуп калат, киши кризистик абалга кептелип, алимент төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калат, - деп белгилейт Васильева. - Ошол эле учурда, тизмеге артыкчылыктуу укукка ээ болгон кээ бир адамдардын кирбей калышын жокко чыгара албайбыз? 

Анын ордуна, укук коргоочу жоопкерчиликсиз ата-энелерге чет өлкөгө чыгууга же чоң суммадагы сатып алууларга тыюу салууну сунуштады. 

Эльдос Казыбеков

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх