Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«КМЮАны университетке айлантуу - мамлекеттик эмес кадам болуп саналат. Ансыз деле бизде юристер толуп кеткен» 

Өкмөттүн токтому менен, жакында юридикалык академия университеттин статусуна ээ болот 

КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жакында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын статусун өзгөртүп,  Кыргыз мамлекеттик юрдикалык университетине айлантуу тууралу токтомго кол койду.

Документте «юриспруденция, экономика, башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү, багыттардын кеңири спектри боюнча кадрларды даярдоону өркүндөтүү максатында»  ушундай чечим кабыл алынып жатат деп белгиленет. Бул тууралу ата-мекендик ЖМКлардан кабарлашкан. 

КМЮАнын өзүндөн, жогорку окуу жайдын аталышын өзгөртүүнү ойлоп гана жатышкандыгын айтышты. Бүгүнкү күндө мекеме эски аталышы менен эле, академия аты менен иштеп жатат, - дешти Vesti.kg сайтына ал жактан. 

 Дегеле, аталышты алмаштыруу окуу жайга эч жаңылык алып келбейт. Ушундай пикири менен тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- КМЮАнын атын которуу, ал окуу жайынын эң жогорку жетишкендиктеринин аркасынан болуп жаткан жок, -деп билдирди ал. - Бул мамлекеттик мамиле эмес. Бюджетке гана ашыкча жүк. Эң жакшысы, тоо-кен өнөр -жайы боюнча, IT- технологиялар, ветеринардык - айыл чарба багытындагы адистерди даярдаган жаңы мамлекеттик университет ачышса жакшы болмок. Ошондо, максатка ылайык болот эле. 

Бизде, өзүңүздөр билесиздер, юристер менен экономистер ашыкча даярдалып жатат. Эгер юракадемия мамлекеттик мекеме катары, бюджеттик орундар менен иштейт дегендик. Мамлекетке келечектеги юристерди «даярдоо» муктаждыгы керек эмес. Кыргызстанда кандай карасаң да юридикалык университеттер көп. 

Профессор жогорку окуу жайдын статусунун жогорулаганы, мурдагы ректор Канат Керезбековдун жеке байланыштарынын аркасынан болду деп белгиледи. 

- Юракадемиянын мурдагы ректору Канат Керезбеков - КСДП фракциясынын мүчөсү, - деп улантты Айнура Атыгаевна. - Ректорлуктан кийин ал депутат болду. КСДП бирдиктүү  болуп турганда, Атамбаевдин тарапкери эле. Партия бөлүнгөндөн кийин ал Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин төрагасы болду.

Юракадемиянын имараты мурда КУУнин экономика факультетинин корпусу болчу. Бул окуу жайы Аскар Акаевдин маалында ачылган. Ошондо КМЮАны Акаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү Чолпонкул Арабаев ачкан. 

Медина Купсулдаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх