Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик рок-группа Россиядагы The Beatles фестивалына катышат 

Иш чаранын уюштуруучулары, аларды өздөрү табышты жана катышууга чакырышты 

Бишкектин The Rоlls тобу Россиянын алтай тоолору менен курчалган ачык асман астында өтө турган The Beatles фестивалына катышат. Бул тууралу белгилүү журналист Елена Баялинова Vesti.kg сайтына кабарлады. 

Анын айтымында, билеттер сатылган, топтун катышуучулары 16-августта жолго аттанышат. 

- The Rоlls тобу 9 жылдан бери иштеп келет, бул иш чара алар үчүн жиреп киргенге барабар, - деди Баялинова. - Балдар бишкектеги жана алматыдагы The Beatles фестивалдарында катышкан, а Россияга биринчи жолу бара жатышат.

Алтайдагы фестиваль мына 5 жылдан бери жыл сайын жергиликтүү өкмөттүн жана түрдүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп келет. Иш чаранын уюштуруучулары жыл сайын анын башкы темасын түзүшөт, бул жолу ал тема - «Because of the Beatles». 

Фестиваль өзү 17-августта өтөт жана белгилүү The Beatles тобунун чыгармачылыгына жана негизи эле 60-жылдардагы музыкага, ошондой эле Вудстокто (АКШ)  өткөн белгилүү культ фестивалынын 50 жылдыгына арналат. 

- Фестивалдын уюштуруучулары, мындай караганда, катышуучулардын географиясын кеңейтүүнү чечишкен, быйылкы жылы алардын саны жыйырмага жетиши күтүлүүдө, - деп айтты Баялинова. - Алар Бишкектеги топту интернет-жарыялар аркылуу табышып, балдар менен түздөн-түз байланышкан. Репертуарды талкуулашкан. The Rоlls бир кырк мүнөттүк түйүндө он беш ыр ырдашат. Анда The Beatlesтин мурунку жана кийинки ырлары 60 пайызды түзөт, калган 40 пайызын ошол кездеги култь болуп калган ырлардын - Эрик Клэптон, Rolling Stones, The Who, The Kings жана башкалар сыяктуу аткаруучулардын композициялары түзөт.  

Елена Баялинованын айтымында, The Rоlls ушундай фестивалдарга катышууга бир канча жолу аракеттерди жасашкан. 2016-жылдары алар москвадагы жана ливерпулдагы фестивалдарга катышууга арыздарды жөнөтүшкөн, бирок, ошол кездери алар булардын арыздарын четке кагышкан. Мына эми, жаш аткаруучулардын үмүттөрү үзүлгөн кезде, Алтайдан күтүүсүз жерден чакыруу келип олтурат.

- Топтун катышуучулары коммерциялык пайда табуу же баюу максатында эмес, мындай чоң окуяга катышуу максатындагы демилге менен жанданып алышкан, - деп билдирет ал. - Себеби, тойлордо, үйлөнүү салтанаттарында жана бишкектеги эл чогулган жерлерде ырдап бүтүштү, жана алар чоң атайын жасалган иш чараларга катышып, жаңы пайдалуу тажрыйба алууну, ошондой эле, The Beatlesтин жана  60-жылдардагы музыка фанаттарын, жаңы адамдар менен кезигишүүнү каалашат.  

Бүгүндөн баштап, музыканттар репетицияга катуу киришишип, уюштуруучулар: «Бардык топтор жакшы экен, бирок, Бишкектен келген балдар баарыбызды укмуш таң калтырды. Биз ал жакта да битлди ушундай укмуш ойной алышкандыгын билген да эмеспиз!» деген сөздөрдү айтышын каалашат. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх