Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Дарак ырынын» режиссеру: Биз  Life каналын сотко беребиз 

Мюзиклдын телевизиондук премьерасына чейин дагы бир ай бар, бирок телеканал фильмди экранга кое берген 

«Дарак ыры» биринчи кыргыз мюзиклынын режиссеру, өз эфиринде авторлор менен макулдашпастан туруп картинаны көрсөткөн Life каналын сотко берет.

Бул өзгөчөлөнгөн мүлк укуктарын бузгандык, - деди Vesti.kg сайтына мюзиклдын режиссеру Айбек Дайырбеков. 

- Алар бизге байланышка чыккан эмес, - деп белгиледи ал. - Биз аларга сот аркылуу кайрылабыз. Биз ишти юристерге тапшырдык, алар бул иш боюнча толугу менен алектенишет. 

Анын арасында режиссердун аялы Толкун Дайырбекова бул тууралу Facebookтагы өзүнүн баракчасына жазды. 

«Кыргыз-орус киносунун биргелешкен биринчи «Дарак ыры»/«Песнь древа» мюзиклын түзүү үчүн канчалык күчтү, энергияны, каражаттарды сарптадык эле, - деп ачууланган ал. - Уруксаты жок, уурулук менен автордук чыгарманы кантип эфирге кое беришти?! 

Жарнаманын эң башында биз көптөгөн телеканалдарга өз ара эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну суранып кайрылганыбыз. Эмне үчүн ошондо алар биз менен иштешкен эмес, а эми болсо, бекер, бардык укуктарды бузуу менен, ошону менен бирге  кайталап көрсөтүү менен биздин эмгегибизден, фильмди көрсөтүү маалындагы чексиз көрсөтүлгөн жарнамалардан пайда таап жатышат! Чеги жоктук!»

Ал ошондой эле Life телеканалынын жетекчилигинин мындай кадамын автордук укуктарды бузгандык деп баалады. 

 «Дарак ыры»/«Песнь древа» фильмине чексиз мүлктүк укугу бар « Central Asia Film Студиясы жана «Синетрейн» Кыргызстандын аймагында эфирге чыккан башка телеканалдарга, интернет - ресурстарга  мындай аракеттерди жасаштан баш тартууга чакырды, - деп жазган Толкун Дайырбекова. - Укуктук ээлик кылуучулар аталган фильмге чексиз мүлктүк укугу бузулган учурда, унчукпай кое албастыгын жана мыйзам бузгандарга карата аларды кылмыш, административдик жана жарандык - укуктук жоопкерчиликке тартуу үчүн укуктук бардык каражаттарды колдонууга даяр.

Central Asia Film студиясы жана КТРКнын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында телевидение боюнча көрсөтүүгө эксклюзивдүү укук КТРКга тиешелүү.

Фильмдин премьерасын расмий телевизиондук көрсөтүүсү 2019-жылдын 31-августунда ошол телеканалда көрсөтүлөт».

2019-жылдын 28-июлунун кечинде жана 29-июлда эртең менен Life телеканалынын эфиринен Central Asia Film студиясы жана «Синетрейн» - укуктук ээлик кылуучулар менен келишим түзбөстөн туруп, орус тилинде «Дарак ыры»/«Песнь древа» фильмин көрсөтүшкөн. 

Эми авторлордун юристери чексиз укукка ээлик кылгандардын укугун бузгандыгы үчүн компенсация талап кылышып, доо арткан кайрылуусун даярдап жатышат. Эгерде доо арткан кайрылуу канаатандырылбаса, алар сотко берүүгө ниеттенишүүдө.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх