Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү пансионаттын пляжындагы таштандылар тууралу кезектеги арыз (видео)

Жетекчилик: Биз таштандыларды ар күнү чыгарып жатабыз 

Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын эс алуучуларынын дээрлик бардыгы, пляжда топтолгон таштандылар менен азык-түлүк калдыктарына даттанышууда.   Instagramдын бир колдонуучусу, көл жээгинен алыс эмес жерде чоң үйүм таштандылар жаткандыгына нараазычылыгын билдирген. 

{youtube}2o5zFOFfN-U{/youtube}

Пансионаттын башчысы Бактыгул Ажибеков Vesti.kg сайтына, пансионатты эртең менен жана кечинде, күнүнө  эки жолу, пляжды болсо-күнүнө бир жолу тазалашат деп ишендирди. 

- Менимче, бул видону таштанды топтолгон мезгилде тартышса керек, - деди ал. - Машина таштандыны күнүнө эки жолу алып кетет. Ал жерде, мүмкүн, эски сүрөттөр. Мен азыр эле пансионатты кыдырып чыктым, бардык жерде таза. 

Эльдос Казыбеков

Видео: @Black_list.kg

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх