Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

12-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырынын үстүндө өспүрүмдөр ойношот (видео)

Борборубуздун ИИББнан ишендиришти: жашы жете электер менен иштөө инспекциясы бул жөнүндө текшерүү жүргүзүп жатат

Бишкекте 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырынын үстүндө өспүрүмдөр эркин ойноп жүрүшөт. Аны көргөн адам, мындай коркунучтуу сейилдөөнү видеого тартып алып,  Instagramда бөлүшкөн. 

Түйүндүн колдонуучулары, өздөрү деле жаш чагында ушинтип ойногондугун эскеришип, көп деле таңкалышкан жок. 

«Биз бардыгыбыз качандыр бир кезде ушинтип эле ойногонбуз. Азыр минтип четтен карасаң, эмнегедир коркнучтуу», - деп жазган алардын бири.

«Эмне болуптур? Мурда деле баары ушинтип ойношчу, - деп белгилеген башкасы. - Мурда эрк деген күчтүү болгон. Аягы эмне менен бүтөт, эч ким ойлогон эмес. Себеби, бул оюн, тамаша болчу. А бүгүн болсо, катастрофа».

«Мурда үйдүн бир чатырынан, экинчисине секирет элек! Коркунучтуу… азыр ойлосоң! Ал убакта эч ойлончу эмеспиз», - деп макул болот үчүнчүсү.

Ал арада, Бишкек ИИББнан  жашы жете электер менен иштөө инспекциясы бул жөнүндө текшерүү жүргүзүп жатат деп ишендиришти. 

 Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх