Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жетим балдар үчүн Чүй мектеп-интернаты оңдоого муктаж (фото) 

Каражаттарды топтоону июлда эле жарыялашкан, бирок, ошол убактан бери болгону 13 миң сом топтолгон

Активистер жетим балдар үчүн Чүй мектеп-интернатын оңдоого каражат топтоону жарыялашкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына «Жетим балдардын укуктарын коргоо» КФ жетекчиси Игорь Беляев кабарлаган.

Беляев өзү да бул мектеп-интернаттын бүтүрүүчүсү, ошондуктан, мекеменин көйгөйлөрү тууралу маселеге жат киши эмес.  

- Жогорку Кеңеш терезелерди алмаштыруу үчүн 11 млн. сом тапкан, ал эми балдар үйүнүн капиталдык оңдолушу үчүн мамлекет акча таба албайт? - деп ачууланат ал. Балдар уктай турган имаратта, пол жанчылып бүткөн, терезелер сынган жана дубалдар араң эле турат. Чындыгында эле, эч кандай шарт жок. Каражат топтоо тууралу июлда эле жарыяланган, учурда  «Демир Банктагы» эсепке 6 миң сом, ал эми Элкомдогу эсепке 7 миң сом түшкөн. 

Мектеп-интернаттын жашай турган корпусунун капиталдык оңдолушуна 3 млн сомдун тегерегинде акча керектелет. 

- Бул дагы бааны түшүргөндөн кийинки эсеп, - дейт Беляев. - Азыр ал жерде 180 бала билим алат, аларга жакшынакай шарттар түзүлүшү керек.

Жетим балдар, интернатка Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келишет.

 Жетим балдар үчүн жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернаты 1956-жылы курулуп, эки жылдан кийин ишке берилген. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 

Каражаттарды топтоо үчүн реквизиттер:  

 

BENEFICIARY / АЛУУЧУ

ЖЕТИМ БАЛДАРДЫН УКУГУН КОРГОО КФ /

PRAV ZASCHITY DETEI SIROT PF

BENEFICIARY ACCOUNT / АЛУУЧУНУН ЭСЕБИ

KGS 1180000088408333 DEMIKG22 / БИК 118005

USD 1180000088408434 DEMIKG22 / БИК 118005

EUR 1180000088408535 DEMIKG22 / БИК 118005

GBP 1180000088408636 DEMIKG22 / БИК 118005

RUB 1180000088408737 DEMIKG22 / БИК 118005

KZT 1180000088408838 DEMIKG22 / БИК 118005

CHF 1180000088408939 DEMIKG22 / БИК 118005

0778854035 Элсом «Жетим балдардын укугун коргоо» КФ

Фонд жатакананы оңдоого кеткен бардык чыгымдарды көзөмөлдөгөн Ревизиялык комиссия түзүү ниетин көздөөдө жана ар бир каалаган адамга отчет бергенге даяр. 

Ошондой эле, курулуш материалдарын саткан курулуш компаниялары менен дүкөндөрү тараптан көрсөтүлгөн жардамдар чоң кубаныч менен кабыл алынат. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх