Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Жардам сурап элүүгө жакын адам кайрылды 

Жаракат алгандардын көпчүлүгү Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий - изилдөө борборуна түштү

Учурда, кечээ кечинде Кой-Таш айылындагы окуялардан алынган жаракаттары менен 48 адам Бишкектин жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине кайрылышкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

- Жардам сурап 48 адам кайрылган, - дешти ал жактан. - алардын 38и стационардык дарыланууда. Жаракат алгандар Чүй облустук ооруканага, Улуттук госпиталга, Хирургиялык борборго жаткырылган. Жаракат алгандардын эң көбү - 26 адам - Бишкектеги траматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү тартип бузуулар учурунда, Чүй облустук ооруканасынан «тез жардамдын» 5 бригадасын, Бишкектин чукул медицина борборунан 5 бригада жөнөттүк деп белгилешти. 

Эсиңиздерге салабыз, жаракат алгандардын арасында УКМКнин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов жана оор жаркат алган атайын кызматтын жоокерлери, алардын арасынан бири ооруканада каза болгон. 

Кечээ кечинде, Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциянын жүрүшүндө күч органдары анын Кой-Таштагы үйүн штурм менен алышкан. Мурдагы президенттин тарапташтары таш менен куралданышып, каршылык көрсөтүшкөн. Бир канча укук коргоочунун куралдарын тартып алышкан. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх