Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын келечеги-жашыл экономикада

“21-кылымда газ, нефтиси бар өлкө эмес, таза жери, таза суусу, таза абасы бар өлкө бай эсептелет”

Жашыл экономиканы өнүктүрүү иштери Кыргызстанда 2012-жылдан тарта башталган. 2019-2023-жылдарга карата өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча атайын программа иштелип чыкты. Бул программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алуусунда турат. Жашыл экономика деген эмне, Кыргызстандын бул боюнча кандай артыкчылыктары бар экендиги тууралуу Туруктуу өнүгүү альянсынын төрагасы, мамлекеттик кызматтын үчүнчү класстагы кеңешчиси, саясый илимдердин доктору, жашыл экономика боюнча эксперт Азамат ТЕМИРКУЛОВ менен маектештик.

  • Азамат, жашыл экономика деген эмне?
  • Жашыл экономика түшүнүгү өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Батыш Европада, адегенде теория катары ойлонуп чыгарылган. Батыш Европа өлкөлөрү индустриалдык жактан өнүгүп кетип, өздөрүнүн жаратылышын абдан бузуп алышкан. Ошон үчүн алардын окумуштуулары өз келечеги жөнүндө ойлонушуп, акыры жашыл экономика теориясын ойлоп табышкан. Бул теория 70-80-жылдарда саясатчылар, бизнес чөйрөсү тарабынан кабыл алынып, аягында теориядан иш жүзүнө аша баштады. Адегенде, жашыл экономиканы өнүктүрүү Исландия, Германиядан башталып, башка көп өлкөлөргө тарап жатты. Жашыл экономика бул – жаратылышка зыян келтирбестен өнүгүү болуп саналат. Бул боюнча бир топ өлкөлөр өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша программаларды иштеп чыгып, ишке ашырып жатат.
  • Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө Кыргызстан башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
  • Ооба, Кыргызстандын башкалардан айырмаланган фундаменталдуу өзгөчөлүгүн эске алып, ошону жакшылап түшүнүп алышыбыз зарыл. Баса белгилей кетчү нерсе, биз 28 жыл бою башкалар эмне кылса, ошолорду туурап жашап келдик. Бул туура эмес болгон. Азыр да жашыл экономикада башка өлкөлөрдү, мсиалга, Батыш Европанын өлкөлөрүн, Казакстанды же Өзбекстанды туурап албашыбыз керек. Биздин өзгөчөлүгүбүз, өлкөбүздүн жалпы аянтынын 94 пайызы тоолордон тургандыгында. 94 пайыз тоолор өлкөбүздүн өнүгүү багыттарынын бардык багыттарына, саясатка, экономикага да таасир тийгизе алат, биз ушуну эске алышыбыз зарыл. Демек, ушунчалык тоолуу аймакта таасирдүү болгон бир эле экономикага тиешелүү – мал чарбачылыгыбыз гана бар. Дагы бир аз аймактарды тоо-кен өндүрүштөрү ээлейт, калган жерибиздин бардыгын жайыттар, мал ээлейт. Бизде болгону 1 млн. 200 гектар айдоо жерибиз бар, бул абдан тар аянт. Казакстанда 222 млн. гектар, Өзбекистанда 27 млн. гектар айдоо аянты бар. Биз аларга атаандашып, ансыз да тар айдоо аянттарыбызды химикаттар, пестициддер менен тойгузуп салгандыктан, айдоо аянттарыбыздын 80 пайызы азыр деградацияга учураган. Эгер глобалдуу деңгээлде карасак, индустриалдык жактан абдан өнүккөн 20 өлкө жаратылышка абдан чоң зыян келтирет. Айрыкча глобалдык жылуулукка алардын зыяны абдан чоң. Биздин салымыбыз 0, 01 пайыз гана. Мунун баары, биз азыр эле жашыл экономикада экенибизди билдирет. Себеби бизде күркүрөп иштеп абага зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгарган завод-фабрикаларыбыз жок, индустриалдык өнүгүү бизден кыйгап өтүп кеткен.
  • Мындай абал азыр кемчиликпи же артыкчылыкпы?
  • Биз кемчилик деп ойлойбуз, бирок тескерисинче, бул азыр артыкчылык. Себеби, 21-кылымда бай өлкө - бул газ, нефтиси бар өлкө эмес, таза абасы, таза жери, таза суусу бар өлкө - бай деп эсептелет. Бул байлыктын баары Кыргызстанда бар. Ошол эле учурда Бишкек, Ош сыяктуу шаарларыбызда абанын сапаты абдан начар. Мунун биринчи себеби, кышында көмүр жагуу менен жылытылган турак-жайлардын болгондугунда. Мисалы, Бишкектин тегерегин курчап турган жаңы конуштар бүт эле көмүр, ар кандай таштандылар менен жылытылат. Булардын баары абага зор зыянын тийгизет. Башка өлкөлөрдөн алынып келген эски транспорт бөлүп чыгарган зыяндуу газдар да шаарларыбыздын атмосферасын абдан булгап жатат. Мына ушул эки жагдай шаарларыбыздын чоң көйгөйүнө айланды. Жогоруда айтылган программада көмүрдү эмнеге алмаштырса болору, эски транспорттон чыккан газдардан кантип арылуу жолдору кенен түшүндүрүлүп кеткен.
  • Бирок сиз айткан колдо бар байлыгыбызга кандай мамиле кылып жатабыз?
  • Биз өзүбүздүн байлыгыбызды өзүбүз талкалап жатабыз. Байлыктын баары тоодо, жашыл табиятыбыз, токойлор, суулар, көлдөр, таза аба, экосистемалар. Биз аларды малга тебелетип кор кылып жатабыз, а малыбыздын сапаты абдан начар. Кыргызстанда бир уй жылына болгону 3 миң литр сүт берсе, Израилде бир уй 12 миң литрден сүт берет, Голландияда 8 миң литрден кем сүт берген уй начар делип, союшка кетет. Мурда бизде меринос, уяң жүндүү койлор бар эле. Азыр алар жок. Азыркы койлордун эти холестерин, жүнү сапатсыз. Анан ушундай сапатсыз малга 9 млн. 140 гектар жайыт жерибизди тебелетип жатабыз. Малды жаюунун нормасы жок, ротациялык принцип да жок болду. Мурда бир жылы бир жайыт эс алса, кийинки жылы башка жайыт малдан эс алчу. Мындай принцип, ченемдерди азыр эч ким карманбайт. Малды көзөмөлсүз бардык жайыттарга кое берип жатабыз. Ошол себептүү жайыт жерлерибиздин 70 пайызы азыр деградацияга дуушар болду.
  • Мындай малды анда эмне кылышыбыз керек?
  • Мал деградацияланган жайыттардан токойлорго, экосистемаларга кирип чөбүн жеп, чөп менен кошо жаңыдан тамыр байлап келе жаткан токойдогу жаш көчөттөрдүн тамырларын да кошо жеп, чоң зыян келтирип жатат. Мисалы, Арсланбапта жаңгактар бышканда жерге түшөт. Алардан жаңы көчөттөр өсүп чыга баштаганда аларды мал жеп кетет. Ошондуктан азыр Арсланбап токойлору картайып кетти, жашара албай жатат. Бу чоң маселе. Демек, 50 жылдан кийин бул токойлор кандай болот? Алар жок болуп кетиши толук мүмкүн. Башка токойлорубуздун абалы деле ушундай. Мал чоң зыян келтирип жатат. Ушул себептен биринчи кезекте, токойго зыян келтирип жаткан сапатсыз мал чарбабызды иретке келтирип алсак жакшы болмок.
  • Ал эми токойлорду кантип сактасак, көбөйтсөк болот?
  • Токой деген өзүнчө экосистема да, токой бул жаныбарлар байырлаган жер, алар жеген тоют. Эгер токойлор азайса, жаныбарлар да азаят. Жаныбарларга тоют боло турган базаны сакташыбыз керек. Мисалы, илбирс жей турган тоо текелерди, аркарларды коргошубуз керек. Бул өзүнчө бири-бирине байланышкан чынжырлар, буларды бири-биринен өз алдынча кароого болбойт. Жаныбарларды сакташ үчүн токойлорду, алардын тоют базасын сакташ зарыл. Экинчиден, токойлор абанын температурасын төмөндөтөт, абанын нымдуулугун көбөйтөт. Нымдуулукту жер астынан тамырлары аркылуу тартып жалбырактары аркылуу атмосферага чыгарат. Ал нымдуулук кар, жаанга айланып мөңгүлөргө жаайт. Токой бир жагынан абанын температурасын төмөндөтүп, нымдуулукту көбөйтсө, экинчиден мөңгүлөрдү да сактайт. Бизде акыркы 50 жыл ичинде мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип кетти, ушул кылымдын аягына чейин мөңгүлөрүбүздүн 80 пайызы эрип кетиши мүмкүн деп, биздин Илимдер академиясынын окумуштуулары айтып жатышат. Эгер ушундай болуп кетсе, анда эч кандай саясат, экономиканын кереги жок болуп, кошуна өлкөлөр менен суу талашып, чыр-чатактан арылбай калышыбыз мүмкүн. Себеби биздин мөңгүлөр Борбор Азиянын калкынын жарымын суу менен камсыздап турат. Ошондуктан, токой азайган сайын мөңгүлөр да азаят, экинчиден глобалдык жылуулук да таасир берип жатат, бир жагынан токойлорду өзүбүз кыйып, малыбыз да тебелеп жеп жок кылып жатат. Токойлорду көбөйтүү, аларды коргоо ишине олуттуу көңүл бура турган учур келди.
  • Жашыл экономикага өтүш үчүн адамдардын аң-сезимине ошондой түшүнүктөрдү жеткириш керек го?
  • Аң-сезимди өзгөртүү үчүн коомчулук кийинки муунга эмне калтыра турганын ойлошу зарыл. Азыр бардыгын жеп, жок кылып салсак, кийинки муунга биз эмне калтырабыз? Буга бир топ жылга чейин созула турган чоң маалыматтык кампания керек. Бала бакчалардан тарта мектептерде, орто, жогорку окуу жайларында окуп жаткан жаштарга биздин жогоруда айтылган абалыбыз, табиятка аяр мамиле жасоо тууралуу тарбия-таалим иштери жүргүзүлүп, айлана-чөйрөнү сактоо боюнча жаңыча маданиятты калыптандыруубуз зарыл. Аларга токой, жаныбарлар, мөңгүлөр жок болсо кандай абалга келерибизди көрсөткөн таасирдүү иштерди жасасак, бара-бара коомубуздун аң-сезими да өзгөрөт. 2015-жылы жашыл экономика боюнча айта баштаганда, эч ким маани берчү эмес, төрт жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду, кандай айырмачылыктар болуп жатат, коомчулугубуз буларга көңүл бура баштаганын байкап жатабыз. Бул темада эксперттер эле талкуулап жүрсөк, коомчулук да, азыр бул маселеге аралашып түшүнө баштады. Ушундай иштер көп болуп, коомго жайылтыла турган болсо, натыйжасы да жакшы болот. Себеби жашыл чөйрөдө жашоо биздин каныбызда бар окшойт деп калдым. Мисалы, Кожожаш мергендин окуясын эле алсак, анда табият менен таттуу жашоо, аны бузганда адам кандай абалга туш болору баарыбызга сабак боло тургандай, ал сабак муундан муунга уланышы керектиги баяндалган. Көрдүңүзбү, табиятка аяр мамиле илгери эле элибизде болгон. Эми табиятка аяр мамиле жасоо принциптери бизге азыр Батыштан келип жатат. Биз ата-бабалардан калган, каныбыздагы табиятка болгон мурдагы мамилени эле ойготуп алсак, бир топ алга жылганы турабыз.
  • Бийлик кандай кадамдарды жасашы керек деп ойлойсуз?
  • 2040-жылга чейин кабыл алынган Туруктуу өнүгүү боюнча стратегияда да жашыл экономиканын принциптери кабыл алынган. Бул да жакшы документ, ушунда кабыл алынгандарды ишке ашырсак, биз кичине болсо да алга жылган болобуз. Өкмөт кабыл ала турган программа да ушунун негизинде иштелип чыккан. Өкмөт ушул жол менен алдыга коюлган милдеттерди аткара бериши керек.
  • Азамат, Кыргызстандагы жашыл экономика негизинде иштеп жаткан бизнестер, органикалык айыл чарбасын иштетип жаткан ишкерлерди билесизби?
  • Андайлар Чүйдө, Баткенде бардык жерлерде бар. Мисалы, Баткенде органикалык жол менен өстүрүлүп жаткан өрүкзарлардын продукциялары жакшы суроо-талаптарга ээ болуп жатат. Бирок Кыргызстанда мындай бизнестин ээлеген орду абдан тар. Себеби органикалык продукциянын сапаты жогору, баасы кымбат. Башка өлкөлөрдө деле абал ушундай. Бирок мындай бизнестин келечеги жакшы. Бизде мындай продукциялардын эл аралык деңгээлде таанылган сертификаты жок, андай сертификат абдан кымбат турат.
  • Европага караганда Кытай кошуна эмеспи, андан көрө коңшу өлкөгө органикалык продукцияларды чыгарсак, балким иш бат жылаар беле?
  • Кытайдын базары абдан чоң. Бирок ага чоң көлөмдө продукция керек. Айдоо жерибиз болгону 1 миллиондон ашык гектар жер, андан Кытайды камсыз кыла турган көлөм чыкпайт. Эл аралык деңгээлге чыгыш үчүн биринчи продукциянын көлөмү, экинчи сапаты, үчүнчү эл аралык сертификат керек. Мына ушул үчөө болмоюнча биздин чет жактарга чыгышыбыз кыйыныраак.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх